САЯСАТ
2 мүнөт окуу
Трамп менен Си Түштүк Кореяда жолугушту
АКШ жана Кытай лидерлери Түштүк Кореяда сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, соода, Газадагы кырдаал жана аймактык туруктуулук сыяктуу глобалдык маселелер боюнча кызматташууда жылыш болгонун баса белгилешти.
Трамп менен Си Түштүк Кореяда жолугушту
Трамп менен Си Түштүк Кореяда жолугушту / AP

АКШнын президенти Дональд Трамп Түштүк Кореянын порт шаары Пусанда Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушуп, соода чыңалуусун басаңдатуу жана эки тараптуу мамилелерди чыңдоо максатында сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Бейшемби күнү жолугушуунун башында Трамп журналисттерге эки өлкөнүн ортосундагы соода келишимине жакында кол коюлушу мүмкүн экенин кыйытты.

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин: “Кытайдын өнүгүүсү Америка Кошмо Штаттарын кайрадан улуу кылуу көз карашы менен шайкеш келет,” – деп айтып, эки өлкө “өнөктөш жана дос болушу керектигин” билдирди. “Бул – тарыхтын бизге үйрөткөн сабагы жана чындыктын талабы,” – деп кошумчалады.

Си Цзиньпин эки тараптын ортосундагы соода сүйлөшүүлөрүндө жетишилген "негизги келишимди" жана "дем берүүчү прогрессти" жогору баалап, сүйлөшүүлөр үчүн зарыл шарттар аткарылганын маалымдады. Кытай лидери "Президент мырза сиз менен бирге АКШ-Кытай мамилелеринин бекем пайдубалын куруу үчүн иштөөгө даярмын", - деди.

Си Цзиньпин ошондой эле Трампты “регионалдык көйгөйлөрдү чечүүгө болгон ынтызарлыгы” үчүн мактап, АКШ лидеринин “Газадагы ок атышууну токтотуу келишимине” жана Камбоджа менен Таиланддын чек ара талашындагы тынчтык келишимине кошкон “чоң салымына” көңүл бурду.

“Бүгүнкү дүйнө көптөгөн оор көйгөйлөргө туш болууда. Кытай менен АКШ ири өлкөлөр катары жоопкерчиликти биргелешип көтөрүп, эки өлкөнүн жана бүткүл дүйнөнүн жыргалчылыгы үчүн чоң жана конкреттүү иштерди аткара алат,” – деди.

Трамп Сини “улуу өлкөнүн улуу лидери” деп сыпаттады. “Менимче, бизде узак убакыт бою сонун мамиле болот жана сизди бул жерде көрүү биз үчүн сыймык,” – деген Трамп, жолугушууну “абдан жемиштүү жана позитивдүү” деп мүнөздөдү.

Си дүйнөдөгү эки ири экономиканын “кээде пикир келишпестиктерге туш болушу нормалдуу” экенин айтып, эки тарап тең “достук жана кызматташтыкты сакташы керектигин” билдирди.

Иликте
Эрдоган: "Стамбул аэропортунун төртүнчү учуп-конуу тилкеси дүйнөлүк байланышты жогорулатат"
Эрдоган: «Түркияны дүйнөдөгү эң кеңири аба каттамдары тармагына ээ өлкөлөрдүн бирине айландырдык"
Израиль күчтөрү Сириянын түштүгүндө рейд жүргүздү
Түндүк Кореянын Орусиядагы заводдорго миңдеген жумушчуларды жөнөткөнү айтылууда
Конго Демократиялык Республикасында эболадан каза болгондордун саны 3577ге жетти
Пакистанда мечитке жакын жерде жардыруу болду: 15 киши каза болуп, 50дөн ашык киши жаракат алды
Скандинавия аба жолдору Израилге каттамдарды кайрадан жандандыруу планын жокко чыгарды
Филиппин: Мектепте болгон атышуудан эки окуучу каза болду
Бразилиянын лидери Трампты президенттик шайлоого кийлигишпөө жөнүндө эскертерин айтты
Африкада жаңы океан пайда болот
Орусия: Украинадагы согуштун көлөкөсүндө парламенттик шайлоо өткөрүлүүдө
Газада Израиль тарабынан талкаланган конуштан дагы 12 сөөк табылды
Кофенин жыты маанайды жана мээ толкундарын өзгөртө алары аныкталды
Трамп Польшада АКШнын базасын түзүү боюнча маанилүү ийгиликтерге жетишилгенин жарыялады
Словакиянын премьер-министри Фицо "Европа боюнча аскердик кагылышуу" тууралуу эскертти