ТҮРКИЯ
1 мүнөт окуу
Канаданын премьер-министри Марк Карни Түркияга биринчи сапарын жасайт
21-23-октябрга белгиленген сапар коргонуу, энергетика, маанилүү минералдар жана соода маселелерине багытталат; Оттава НАТОнун жана G20нын негизги өнөктөшү менен карым-катанаштарын тереңдетүүнү көздөөдө.
Канаданын премьер-министри Марк Карни Түркияга биринчи сапарын жасайт
Президент Эрдоган менен Канаданын премьер-министри Марк Карни
 

Канаданын Премьер-министрлик кеңсеси шейшемби күнү жарыялаган билдирүүгө ылайык, Канаданын премьер-министри Марк Карни 21-23-октябрда Анкара жана Стамбулга барат. Бул Канаданын премьер-министринин Түркияга биринчи эки тараптуу сапары болот.

Сапар Оттава эл аралык өнөктөштүгүн диверсификациялоого жана канадалык компаниялар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө умтулуп жаткан учурда Канада менен Түркиянын ортосундагы коопсуздукту жана экономикалык кызматташтыкты чыңдоого багытталууда.

Карни Анкарада президент Режеп Таййип Эрдоган менен жолугушуп энергетика жана тоо-кен өнөр жайы, климат, коргонуу жана коопсуздук, ошондой эле эл аралык мамилелер жаатындагы эки тараптуу мамилелерди өркүндөтүү жолдорун талкуулайт.

Стамбулда соода жана инвестиция баса белгиленет

Карни Стамбулда түрк бизнес коомчулугунун өкүлдөрү жана инвесторлор менен жолугушуу өткөрөт. Канада Түркия менен соода жана инвестициялык мамилелерди кеңейтүүнү көздөөдө.

Канаданын Премьер-министрлик кеңсесинин маалыматына караганда, эки өлкөнүн ортосундагы соода акыркы беш жылда болжол менен 50 пайызга өстү.

Карни энергетика, аэрокосмос, алдыңкы технологиялар, тоо-кен жана маанилүү минералдар тармактарында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет.

Канада өкмөтү Түркияны НАТОнун өнөктөшү жана G20 мүчөсү катары Оттава үчүн маанилүү өнөктөш деп эсептейт.

Бул сапар эки өлкө тең экономикалык байланыштарын жана коопсуздуктун жалпы артыкчылыктары боюнча кызматташуусун чыңдоого умтулуп жаткан учурда болуп жатат. Оттава ички кубаттуулукту бекемдөө жана эл аралык ар тараптуу өнөктөштүк аркылуу экономикалык жана стратегиялык туруктуулугун жогорулатууну максат кылууда.

Иликте
Израилдин чабуулдарынан улам 6 миңден ашуун палестиналык кайрадан жер которууга аргасыз болду
Йылмаз: "Түркия менен Өзбекстандын ортосунда ийгиликтүү инвестициялык чөйрөнү түзүшүбүз керек"
Россия: "Украинанын энергетикалык жана порттук инфраструктуралык объектилерине чабуул жасадык"
Трамп Си Цзиньпин жана Путин менен өтө турган тарыхый саммит баштала электе эле «жеңиш» деп мүнөздү
Эрдоган: "Израиль Газаны дүйнөдөгү эң ири концлагерге айландырууда"
Министр Курум: "Антальяда бирдиктүү жана бекем макулдашууга жетишүүгө чечкиндүүбүз"
ЕБдан Украинада  ыктымалдуу тынчтык келишими үчүн коопсуздук кепилдиктерин талап кылды
Путин APEC ишкер лидерлерине экономикалык кысымдын «артта калганын» айтты
Азербайжандын тышкы иштер министри Байрамов Түркия менен карым-катнаштарга баа берди
Түркия Газаны колдоо үчүн «Анталья–Газа» коридорун түзүүнү сунуштады
Россия: Украина Крым көпүрөсүнө кайрадан чабуул жасады
Министр Фидан: "Түркиянын борбордук ролуна баары жогору баа берүүдө"
Мыйзамсыз израилдик отурукташуучулар Иерихонго жакын жерде палестиналык аялды өлтүрдү
Түштүк Кореяда 75 жыл мурда согушта курман болгон аскердин сөөгүнүн калдыгы үй-бүлөсүнө тапшырылды
Иран АКШнын аскердик учкучсуз учуучу аппаратын кармап алганын билдирди