ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Макрон: Израиль коңшуларына каршы “туруктуу согуш” абалында коопсуздукту камсыздай албайт
Франциянын президенти Жакынкы Чыгыштын туруктуулугу тынчтыкты талап кыларын белгилеп, Газа планына чакырды. Өзгөчө Ирандын өзөктүк программасы боюнча эскертти.
Макрон: Израиль коңшуларына каршы “туруктуу согуш” абалында коопсуздукту камсыздай албайт
Франциянын президенти Эммануэль Макрон Израилден коңшулары менен болгон "туруктуу согушун" токтотууну талап кылды. / AP
 

Франциянын президенти Эммануэль Макрон Израилдин кошуналары менен тынымсыз согуш абалында туруп коопсуздукка же туруктуулукка жете албайт тургандыгын белгиледи.

Макрон Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында сүйлөгөн сөзүндө Жакынкы Чыгышта тынчтыктын маанисине басым жасап, Палестина, Ливан жана башка аймактык актерлор менен болгон кагылышуулардын туруксуздукту күчөтүп жатканын айтты.

“Коңшулары менен тынымсыз согуш абалында турган Израиль үчүн коопсуздук же стабилдүүлүк мүмкүн эмес",- деди.

Макрон Газадагы кыргынды токтотуу жана эки мамлекеттүү чечимди сактоо үчүн шейшемби күнү ишенимдүү план катары кабыл алынганын айтты.

Өзгөчө БУУнун 142 мүчөсүнүн тынчтык аракеттерин илгерилетүү үчүн Франция менен Сауд Арабиясы баштаган документке «Нью-Йорк декларациясына» кол коюусун кубаттады.

Аймактык коопсуздук

Сирияга токтолгон Макрон Асад режими кулагандан кийин өлкөнүн "биримдигин жана эгемендүүлүгүн калыбына келтириши керек" экендигин белгиледи.

Франциянын Сирия жарандык коомунун бардык компоненттерине сый көрсөткөн саясий өткөөлдү колдой турганын айтып, инклюзивдүү башкаруу гана туруктуулукту калыбына келтирип, өлкөнүн эгемендүүлүгүн кайтарып алууга мүмкүндүк берерин баса белгиледи.

Макрон өзгөчө Ирандын өзөктүк программасы "кайрадан толук көзөмөлгө алынбаса," аймактык туруктуулук коркунучка кабыларын эскертти.

Иликте
Греция Израиль менен 1 миллиард евролук жаңы курал-жарак келишимин даярдап жатат
Ливиянын жээгинде Орусиянын деңиз флотуна таандык корвет жана орус жүк ташуучу кемеси бутага алынды
Трамп Иранга чабуулдар жаңы жылдан кийин кайра башталышы мүмкүн деп эскертти
Берлиндеги ооруканада чыккан өрттөн 15 адам жабыркап, бир адамдын абалы оор
Министр Курум: "Жалпы үйүбүз дүйнө үчүн чечимдерди издөөдөн баш тартпайбыз"
Индонезиядагы өрт апааты: 24 адам каза таап, ондогон адамдан кабар жок
Түрк Кызылайы Газадагы 25 миң адамга азык-түлүк жардамын жөнөттү
Украина: "Орусиянын ар кандай чабуулдарынан 14 жаран каза болду"
Орусия: Германия менен Улуу Британиянын коргоо министрлери «акылынан адашып калышты»
Кытай АКШдан телекоммуникациялык чектөөлөрдү алып салууну суранды
Жаш улуттук дзюдочулар Дүйнө чемпионатынын 3-күнүндө 2 алтын, 3 медаль утушту
Иран Бахрейндеги АКШнын радарларына сокку урганын жарыяласа, Манама жарандык объект экенин билдирди
Баскынчы Израиль Батыш Шериадагы жөөт конуштарында 895 жаңы турак жай куруу планын жарыялады
Министр Фидан: «Йемендин ичине аскерлерди жайгаштыруу боюнча эч кандай чечим кабыл алына элек»
Министр Болат: «Акыркы 6 айда биз ай сайын экспорттун бардык рекорддорун жаңыладык»