Түштүк Кореядан Кытай-Япония чыңалуусуна ортомчу сунушу

Президент Ли Чжэ Мён тарап тандоо чыр-чатакты күчөтө турганын айтып, бирге жашоонун жолдорун издөө зарылдыгын баса белгиледи.

By
Сеулдагы маалымат жыйынында президент Ли өз өлкөсү ортомчулук кыла аларын билдирди. / AP

Түштүк Кореянын президенти Ли Чжэ Мён Кытай менен Япониянын ортосунда күчөп бараткан чыңалууну басаңдатуу үчүн ортомчулукту сунуштады. Йонхап маалымат агенттигинин кабарына караганда, Ли тарап тандоо кырдаалды ого бетер курчутат деп билдирди.

Шаршемби күнү Сеулда өткөрүлгөн басма сөз жыйынында Ли өлкөсү мүмкүн болгон бардык тармактарда ортомочу ролун аткара алаарын айтты.

Ли «Тарап тандоо чыр-чатакты күчөтөт. Бул жеке мамилелерге да, эл аралык мамилелерге да тиешелүү. Тарап тандоонун ордуна бирге жашоонун жолдорун издешибиз керек», - деди.

Өткөн айда Япониянын премьер-министри Санаэ Такайчи Кытайдын Тайванга ыктымалдуу кол салуусу "өмүргө коркунуч" жаратаарын жана Японияга "жамааттык коргонуу укугун колдонууга" уруксат бере аларын айтканда эки өлкөнүн ортосундагы чыңалуу күчөгөн.

Кытай бул билдирүүлөрдү катуу сынга алып, жарандарын Японияга барбоого чакырган жана деңиз азыктарынын импортун токтотуп Япония менен Түштүк Кореянын ортосунда пландаштырылган маданият министрлеринин үч тараптуу жыйынын да кийинкиге жылдырган.