ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Эрдоган: Түркия Россия-Украина согушун токтотуу үчүн тынчтык сүйлөшүүлөрүн өткөрө алат
Түрк лидери согушту "адилеттүү жана туруктуу тынчтык" менен токтотуу аракеттеринин "баалуу" экенин айтып, эки тарап тең практикалык пайда ала турган багыттар боюнча прогресске жетишүүгө болорун белгиледи.
Эрдоган: Түркия Россия-Украина согушун токтотуу үчүн тынчтык сүйлөшүүлөрүн өткөрө алат
Эки лидер ошондой эле Палестина менен Сириядагы кырдаалды жана Түштүк Кавказдагы тынчтык жараянын талкуулашты. / Reuters

Түркиянын коммуникация башкармалыгынын жума күнү берген маалыматына караганда президенти Режеп Таййип Эрдоган Россиянын президенти Владимир Путин менен болгон сүйлөшүүсүндө уланып жаткан Россия-Украина согушун токтотуу боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрүнө "жакындан" көз салып жатканын жана Анкаранын бул сүйлөшүүлөрдү өткөрө аларын айтты.

Эрдоган менен Путин Түркмөнстандын борбору Ашхабаддагы Эл аралык «Тынчтык жана Ишеним» форумунун алкагында жолугушушту. Эки тараптуу карым - катнаштарды жана Россия - Украина согушуна байланыштуу кеңири тынчтык аракеттерин талкуулашты.

Президент Эрдоганды тышкы иштер министри Хакан Фидан, энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Алпарслан Байрактар, Улуттук чалгындоо уюмунун (MIT) башчысы Ибрахим Калын, коммуникация башкармлыгынын төрагасы Бурханеттин Дуран, тышкы саясат жана коопсуздук боюнча башкы кеңешчи Акиф Чагатай Кылыч жана АК партиясынын төрага орун басары Халит Йеребакан баштаган президенттик делегация коштоду.

Эрдоган согуштун "адилеттүү жана туруктуу тынчтык" менен аякташына багытталган аракеттердин баалуу экенин белгилеп, эки тарап үчүн тең практикалык пайда алып келе турган багыттар боюнча ийгиликтерге жетишүүгө болорун айтты.

Президенттик аппараттын коммуникация башкармалыгынын маалыматы боюнча, президент Эрдоган Анкара согушту токтотууга багытталган сүйлөшүү процессин "изилдеп" жатканын жана "бул алкакта каалаган форматта сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө даяр" экендигин кайталады.

“Тынчтык жана коопсуздук: Туруктуу келечек үчүн максаттардын биримдиги" деп аталган форум глобалдык тынчтык демилгелерин бекемдөөгө багытталган жогорку деңгээлдеги пикир алмашуулар үчүн платформа кызматын аткарды.

Путин форумда сүйлөгөн сөзүндө мамлекеттер аралык карым - катнаштардын Бириккен Улуттар Уюмунун Уставынын принциптерине ылайыкташтыруунун маанисин баса белгилеп, Түркмөнстандын тең салмактуу тышкы саясатын жана аймактык туруктуулукка кошкон салымына жогору баа берди.

Эки лидер Палестина жана Сириядагы кырдаалды, Түштүк Кавказдагы тынчтык процессин талкуулашты.

Эрдогандын сапары өзгөчө Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов жана башка аймактык расмий адамдар менен жолугушууларды өткөрүп, Анкаранын форум учурундагы кеңири дипломатиялык байланыштарын ортого салды.

Иликте
Президент Эрдоган Трабзонспорду Түркия кубогун жеңиши менен куттуктады
Сауд Арабиясы коопсуздукту камсыз кылуу үчүн дрондорду жана жасалма интеллектти колдонууда
Рютте: "НАТО күчтүү жолго түштү жана өнөктөштүккө болгон көз карандылык азаят"
Иран АКШнын Ливан элчисине киргизген санкцияларын айыптады
АКШ Иран согушуна байланыштуу Тайванга 14 миллиард долларлык курал-жарак сатууну токтотту
АКШ Украинага 108,1 миллион долларлык Hawk ракета системасы жабдууларын сатууну бекитти
Марокконун Фес шаарында имарат кулап, көп сандаган адамдар каза болду
Израиль Сириянын түштүгүндө Дараага жакын жердеги айыл чарба жерлерин бомбалады
SpaceX акыркы мүнөттөгү техникалык көйгөйдөн улам Starship сыноо учуусун кийинкиге калтырды
Эл аралык жарандык коом уюму: "Газада гуманитардык абал азыр да катастрофалык абалда"
Казакстанда Биринчи Баку түркология курултайынын 100 жылдыгына карата өткөрүлгөн симпозиум башталды
Израиль депортациялаган Газа активисттери Түркия аркылуу үйлөрүнө кайтышууда
Ирандын футболдук командасы Дүйнө чемпионатына катышуу үчүн АКШнын Түркиядагы өкүлчүлүгүнө кайрылды
Түркияда сот ЖХП курултайын жокко чыгарып, Кылычдароглу партияны жетектөө үчүн кайтып келди
Эверест чокусуна бир күндө 274 альпинист чыгып рекорд койду