ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
АКШ менен Израилдин Иранга каршы согушу башталгандан бери 9000 америкалык Жакынкы Чыгыштан качты
АКШ мамлекеттик катчысы Марко Рубио учурда 1,600 америкалыктын жардам сурап жатканын белгиледи.
АКШ менен Израилдин Иранга каршы  согушу башталгандан бери 9000 америкалык  Жакынкы Чыгыштан качты
Рубио жана башкалар Капитолийде АКШ Сенатынын жана Өкүлдөр палатасынын толук курамына АКШ менен Израилдин Иранга каршы согушу тууралуу жашыруун брифингдерди өткөрүшөт. / Reuters

АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио ишемби күнү АКШ менен Израилдин Иранга кол салуулары башталгандан бери Жакынкы Чыгыштан дээрлик 9000 америкалыктын качканын билдирди.

АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио шейшемби күнү АКШ менен Израилдин Тегеранды бомбалоосу учурунда билдирүү жасады. Президент Дональд Тıрамп төртүнчү күнүнө кирген согушту токтотуу максатында Иран менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн эми «өтө кеч» экенин эскертти. Маалыматтарга караганда, согуштун кесепетинен жүздөгөн ирандыктар, анын ичинде 165 бала жана мектеп кызматкерлери, ошондой эле АКШнын алты аскери каза болгону маалымдалды.

Тегеран жооп иретинде учкучсуз учактар (УУА) жана ракеталар менен Перс булуңундагы мунай ишканаларын жана АКШнын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүн бутага алды. Израиль болсо Иран колдогон Хизбулла тобу согушка аралашкандан кийин Ливандын ички аймактарына кирип, Хизбулла менен кагылышты.

Рубио журналисттерге берген маалыматында азыркы учурда 1600 амеркалыктын жардам сурап жатканын айтты.

Рубио ошондой эле шейшемби күнү Дубайдагы АКШ консулдугунун жанында дрон чабуулу болгонун ырастап, бардык кызматкерлердин коопсуз экенин айтты. «Тилекке каршы, учкучсуз учак консулдук имаратына жакын унаа токтотуучу жайга кулап, өрт чыкты. Бардык кызматкерлерибиз аман-эсен», — деди.

Демократтар жана айрым республикачыл сенаторлор көбүрөөк маалымат талап кылып жаткандыктан, Дональд Трамптын улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешчилери Конгресс мүчөлөрүнө АКШ-Израиль союзунун Иранга каршы согушу тууралуу түшүндүрмө берүүгө аракет кылып, Рубио журналисттерге маалымат берди.

Рубио, Коргоо министри Пит Хегсет, ЦРУнун директору Жон Рэтклифф жана Штаб башчыларынын бириккен комитетинин төрагасы, генерал Дэн Кейндин адегенде Сенаттын 100 мүчөсүнө, андан соң Өкүлдөр палатасынын 432 мүчөсүнө брифинг бериши күтүлүүдө.

Учурда республикачылар Сенатта да, Өкүлдөр палатасында да аз айырма менен көпчүлүктү түзүүдө жана Трамптын саясий демилгелерин күчтүү колдошот, бул көбүнчө Ак үй менен Конгрессти бир эле партия көзөмөлдөгөн учурларда байкалат.

Бирок Жакынкы Чыгыштагы согуш партия ичиндеги айрым мүчөлөрдүн демократтар менен кошо президент чет өлкөгө аскер жөнөтүүдөн мурун Конгресстин макулдугун алышы керек деген талаптарды коюусуна себеп болду.

Иликте
Россия: "Украина кризисти тынчтык жолу менен чечүүнү каалабайт"
Россия Украинанын 376 дронун атып түшүргөнүн жарыялады
Сабиха Гөкчен аэропорту алгачкы 6 айда 23,6 миллион жүргүнчүнү кабыл алды
Президент Эрдоган НАТО саммитинин алкагында Албаниянын премьер-министри Раманы кабыл алды
Президент Эрдоган Словакиянын президенти Пеллергини менен жолугушту
Түркия дүйнөдөгү калкы эң көп 18 -  өлкө болду
Трамп Иранды "чабуулдар катуу болушу мүмкүн" деп коркутту
Трамп: Эрдоган мыкты эле, НАТО узун жолду басып өттү
Иран жаңы чабуулдардан кийин АКШны эскертти жана Тегерандын Ормуз кысыгынын тагдырын чечерин айтты
Трамп НАТО саммити негизги маселелерди чечкенин айтып, альянстын биримдигин мактады
Президент Эрдоган НАТО саммитин тарыхый жетишкендик деп мүнөздөдү
Иран: Авантюралык аракеттерге дароо жооп берилет
Трамп: "Бүгүн кечинде Иранга  катуу сокку урабыз"
НАТОнун Анкара саммитинин билдирүүсү жарыяланды
Россия: "Украина эл аралык энергетикалык инфраструктурага каршы террордук аракеттерге барууда"