ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Түркия жана 3 өлкө Сауд Арабиясына жасалган чабуулдарга реакция кылышты
Түркия, Египет, Пакистан жана Сауд Арабиясы Йемендеги хуситтердин Сауд Арабиясына жасаган бардык чабуулдарына карышылык көрсөтүп, өлкөнүн эгемендигине, аймактык бүтүндүгүнө жана коопсуздугуна болгон чечкиндүү колдоосун кайталашты.
Түркия жана 3 өлкө Сауд Арабиясына жасалган чабуулдарга реакция кылышты
БУУнун Башкы Ассамблеясы

Түркия Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Түркия, Египет, Пакистан жана Сауд Арабиясынын тышкы иштер министрлеринин 6-жыйынына байланыштуу жарыялаган биргелешкен билдирүүсүнө ылайык, Түркия, Египет, Пакистан жана Сауд Арабиясынын тышкы иштер министрлери Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында жолугушту.

Жыйын учурдагы аймактык жана эл аралык окуялар боюнча пикир алмашууга мүмкүнчүлүк түздү.

Министрлер Жакынкы Чыгышта жана кеңири аймакта тынчтыкты, коопсуздукту, туруктуулукту жана гүлдөп-өнүгүүнү колдоо үчүн төрт өлкөнүн ортосундагы консультацияларды жана координацияны улантуунун маанилүүлүгүн дагы бир жолу тастыкташты.

Аймактагы уланып жаткан чыңалуулар жана чыр-чатактар ​​боюнча терең тынчсыздануусун билдирген министрлер диалог жана дипломатия туруктуу чечимге жетүүнүн бирден-бир жолу экенин баса белгилешип, узак мөөнөттүү тынчтыкты жана туруктуулукту орнотуу үчүн "Исламабад келишимин" сактоо зарылдыгын айтышты.

Төрт өлкө хуситтердин Сауд Арабиясына кол салууларын айыпташты

Министрлер Йемендеги хуситтердин Сауд Арабиясына каршы жасаган бардык кол салууларын катуу айыптап, Сауд Арабиясынын эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн жана коопсуздугун бекем колдой тургандыктарын кайталашты.

Сауд Арабиясынын эл аралык укук жана Бириккен Улуттар Уюмунун Уставы боюнча өзүн, аймагын жана элин коргоого болгон мыйзамдуу укугун ырастаган министрлер деңизде кеме жүрүүнүн коопсуздугун жана эркиндигин коргоонун да маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Министрлер Йемендин мыйзамдуу өкмөтү жана Йемендин Президенттик кеңешинин саясий процесс жана бардык тараптарды камтыган инклюзивдүү диалог аркылуу Йеменде коопсуздукка, туруктуулукка жана өнүгүүгө жетүү аракеттерин бекем колдой тургандыктарын кайталашты.

Жакынкы Чыгышта тынчтыкка, коопсуздукка жана туруктуулукка жетишүүдө Палестина маселесинин борбордук маанисин дагы бир жолу ырастаган министрлер БУУнун Коопсуздук Кеңешинин тиешелүү резолюцияларына ылайык, Палестина элинин мыйзамдуу укуктарын, анын ичинде 1967-жылдын 4-июнундагы чек аралардын негизинде борбору Чыгыш Кудс болгон көз карандысыз, эгемендүү, туруктуу жана географиялык жактан бир бүтүн Палестина мамлекетин түзүү, ошондой эле өзүн-өзү аныктоо укугун колдогондорун кайталашты.

"Судандагы биримдикти алсыратуучу параллель түзүлүштөр четке кагылышы керек"

Министрлер Судандын эгемендигин, биримдигин, көз карандысыздыгын жана аймактык бүтүндүгүн бекем колдой тургандыктарын ырасташып, анын мыйзамдуу улуттук мекемелерин коргоонун жана Судандын эгемендүүлүгүн жана биримдигин алсыратуучу параллель түзүлүштөрдү четке кагуунун маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Судандын аймагына курал-жарактын, жалданма аскерлердин жана чет элдик согушкерлердин мыйзамсыз агымын токтотуу зарылдыгын айткан министрлер жамааттык коопсуздукту чыңдоо жана узак мөөнөттүү аймактык туруктуулукту колдоо максатында аймактык жана эл аралык окуялар боюнча тыгыз координацияны сактоого жана консультацияларды улантууга макул болушту.

Иликте
Ирактын премьер-министри Зейди АКШнын мамлекеттик катчысы Рубио менен жолугушту
АКШнын өкүлү: Түркия менен АКШнын ортосундагы С-400 келишпестиги "чечилет"
Ак үй "Trump TV" каналын ишке киргизди
160тан ашык спортчу Ирландия-Израиль беттешин бойкоттоо чакырыгына кол коюшту
Японияда Дужуан тайфунунан төрт адам каза болду
Министр Курум Нью-Йоркто COP31ди таанытты
Дезинформация менен күрөшүү борбору ТИМге таандык «Уганда» тууралуу маалыматты четке какты
Министр Фидан Түркия-Египет-Пакистан-Сауд Арабиясынын тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышты
АКШнын президенти Трамп Нью-Йоркто Франциянын президенти Макрон менен жолугушту
Түрк аба күчтөрү Кипр аралынын түштүгүндө машыгуу учууларын өткөрдү
Израилдин Газадагы чабуулдарынан 9 адам жаракат алды
Орусия: "Украинадагы логистикалык борборлорго, портторго жана кемелерге сокку урдук"
Алгачкы жыйынтыктар боюнча парламенттик шайлоодо "Бирдиктүү Орусия" партиясы артыкчылыкка ээ болду
Халепте аскердик аянтта болгон жарылуулардан 4 адам жаракат алды
Ирандын Революциялык гвардия корпусу: "Ормуз кысыгында MQ-1 үлгүсүндөгү дрон атып түшүрүлдү"