ТҮРКИЯ
1 мүнөт окуу
Baykar менен Leonardo Европада өндүрүлө турган дрондор үчүн кызматташтыкты кеңейтет
Түрк-италиялык коргонуу өнөктөштүгүнүн алкагында орто класстагы учкучсуз учуучу аппараттарды Италиядагы ишканаларда чыгаруу пландаштырылууда.
Baykar менен Leonardo  Европада өндүрүлө турган дрондор үчүн кызматташтыкты кеңейтет
Baykar Bayraktar TB3 дрону 2025-жылдын 18-июнунда Франциянын Париж шаарына жакын Ле Бурже аэропортунда өткөн 55-чи Эл аралык Париж авиашоусунда. / Reuters

Түркиянын авиация жана коргонуу тармагындагы гигант компаниясы Baykar менен Италиянын алдыңкы коргонуу фирмасы Leonardo, орто класстагы алгачкы учкучсуз учуучу аппараттарын (УУА/ИХА) чыгарууга даярданып жатышат. Жаңы аппараттын ушул жылдын апрель айында таанытылышы күтүлүүдө.

Түркия–Италия коргоо өнөктөштүгү Европада жасалган учкучсуз учуучу аппараттарды өндүрүү аракеттерин ылдамдатты.

Leonardo компаниясынын башкы директору Роберто Чинголани «Анадолу» агенттигине берген маегинде, эки компаниянын ортосундагы биргелешкен долбоор мурда белгиленген «жол картасына» ылайык ийгиликтүү жүрүп жатканын билдирди.

Бейшемби күнү инвесторлор үчүн өткөрүлгөн иш-чарада сөз сүйлөгөн Чинголани, бир нече жүз килограмм жүк көтөрө алган орто класстагы учкучсуз учуучу аппараттардын апрель айында Италиядагы Ронки-дей-Леджонари (Ronchi dei Legionari) ишканасында чыгарыла баштай турганын айтты. Компания башка объектилерде да өндүрүшкө карата даярдыктарды улантып жатканын билдирди.

Чинголани аппараттардын Европадагы жогорку суроо-талапты канааттандыруу үчүн Италияда сертификацияланаарын айтты.

Чинголани Baykar менен Leonardo компаниялары бирин-бири толуктаган күчтүү кызматташтыкта экенин баса белгилеп, Baykar аба платформасын иштеп чыгып, ал эми Leonardo чалгындоо системаларын жана тармакка тиешелүү технологиялар менен камсыз кылаарын белгиледи.

Чинголани ошондой эле биргелешип чыгарылган учкучсуз учуучу аппараттардын 2025-жылдын ноябрында жарыяланган "Микеланджелонун куполу" абадан коргонуу системасында роль ойной аларын айтты. Бул системанын биринчи сыноосу жылдын аягына чейин Украинада өткөрүлүшү күтүлүүдө.

Leonardo-Baykar өнөктөштүгү иштеп чыккан аппараттардын бул абадан коргонуу калканына интеграциялануу мүмкүнчүлүгү да каралууда.

Иликте
Кремль: Путин, Си Цзиньпин жана Трамп 19-ноябрда үч тараптуу саммит өткөрүшөт
Тышкы иштер министрлиги ахыска түрктөрүн эскерди
Мекке келишими ишке кирди
Россия Европанын Украина боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катышуусун анын «чын ниетине» байланыштырды
Түркия менен Катар лидерлеринин Стамбулдагы жолугушуусунда тарыхый коргонуу келишимине кол коюлду
Рютте Түркиянын НАТОдогу ролун баса белгиледи
Россиянын Волгоград шаарында дрон чабуулунан 4 адам каза болду
Зеленский Россиянын бүгүнкү күнгө чейинки эң ири туткун алмашууну бекиткенин билдирди
Түрк министри COP31де эскертти: "Мөңгүлөрдүн жоголушу дүйнөлүк суу ресурстарына коркунуч келтирет"
Судандын Дарфур аймагында үч күндүн ичинде 5 275 адам жер которууга аргасыз болду
АКШнын президенти Трамптын атайын өкүлдөрү Москвада орус лидери Путин менен жолугушту
Израиль: "CENTCOM армияга Иранга каршы жаңы чабуул ыктымалдуулугуна даяр болуу билдирүүсүн жөнөттү"
Малатияда S-70 үлгүсүндөгү тик учак кырсыкка учурап, төрт аскер шейит болду
Кызыл Чырым: "Газадагы жер которгон үй-бүлөлөр катуу суукка туш болууда"
Түркиянын А улуттук баскетбол командасы Черногорияны 79-62 эсебинде жеңди