Түркия Сиднейдеги террордук кол салууну айыптады
Сиднейдеги Бонди-Бич пляжында болгон куралдуу кол салуудан кеминде 16 адам каза таап, 40 адам жаракат алды.
Түркиянын Тышкы иштер министрлиги, Австралиянын Сидней шаарындагы Ханука майрамы учурунда болгон террордук кол салууну катуу айыптады.
Жекшемби күнү жарыяланган жазуу жүзүндөгү билдирүүсүндө Тышкы иштер министрлиги, кол салууда каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана Австралия элине көңүл айтып, жаракат алгандардын тезирээк сакайып кетишин каалады.
«Түркия терроризмдин бардык түрлөрүнө жана көрүнүштөрүнө каршы принциптүү позициясын кайталайт», — деп айтылган билдирүүдө Анкаранын террорго каршы күрөшүүдө эл аралык кызматташууга берилгендиги баса белгиленди.
Министрлик Түркиянын Австралияга тилектештигин билдирип, "глобалдык коркунучка" каршы күрөшүүдө кызматташууга даяр экенин кайталады.
Жекшемби күнү Сиднейдеги белгилүү Бонди жээгинде болгон куралдуу кол салууда кеминде 12 адам каза таап, көптөгөн адамдар жаракат алды; бул акыркы жылдардагы өлкөдөгү эң кандуу кол салуулардын бири болуп калды.