Евробиримдик Бириккен Улуттар Уюму Иранга өзөктүк программасына байланыштуу кеңири санкцияларды кайра киргизгенден кийин ушундай эле санкцияларды аткарарын жарыялады.
БУУ бул кадамды өткөн дем алыш күндөрү Батыш державалары 2015-жылкы ядролук келишимдин алкагындагы "тез кайтаруу" механизмин ишке киргизгенден кийин жасады.
27 мамлекеттен турган Европа Биримдиги тарабынан кайра киргизилген санкциялар Ирандын ядролук жана баллистикалык ракеталык ишмердүүлүгү менен байланышкан БУУнун чараларын камтыйт.
Бирок бул санкциялар Ирандын Борбордук банкынын активдерин тоңдуруу сыяктуу финансылык чараларды камтый тургандай түрдө кеңейүүдө.
Тегеран БУУнун санкцияларынын кайрадан киргизилишин "негизсиз" деп айыптады.
Батыш лидерлери санкциялар кайрадан киргизилгенине карабастан диалог үчүн каналдар ачык бойдон кала берерин баса белгилешти.
“Дипломатиянын аягы эмес”
Европа Биримдигинин башкы дипломаты Кая Каллас жекшемби күнү санкциялардын кайра киргизилиши "дипломатиянын аягы болбошу керек" деп билдирди.
Иран өзөктүк куралга умтулбоого жана өзөктүк куралды жайылтпоо келишимин сактоого убада берди.
Бирок Тегеран ишемби күнү Лондон, Париж жана Берлиндеги элчилерин консультация үчүн чакыртып, Батыш өлкөлөрү үчүн "олуттуу кесепеттер" болорун эскертти.
Орусия менен Кытайдын БУУнун Коопсуздук Кеңешинде санкцияларды калыбына келтирүүнү кийинкиге калтыруу аракети ийгиликсиз болду. Эки мамлекет бул кадам Жакынкы Чыгыштагы чыңалууну күчөтүшү мүмкүн экенин айтты.
Токтом долбоорлоруна кеңештин 15 мүчөсүнүн төртөө гана добуш берди.











