Колумбияда мектеп автобусу кырсыкка учурап 17 адам каза болду
Антьокия орто мектебинин окуучуларын ташыган автобус мектеп саякатынан кийин Карибдеги Толу шаарынан Медельинге бара жаткан.
Губернатордун айтымына караганда, Колумбиянын түндүгүндөгү айыл жергесинде окуучуларды ташыган мектеп автобусунун аскадан кулашынын натыйжасында 17 адам каза болуп, 20 адам жаракат алды.
Жекшемби күнү X баракчасындагы билдирүүсүндө Антьокия губернатору Андрес Жулиан окуучуларды ташыган автобус мектеп экскурсиясынан кийин Карибдеги Толу шаарынан Медельинге бара жатканын маалымдады. Окуучулар бүтүрүү кечесин жээкте белгилешкенин айтып: "Бул декабрь айында бүткүл коомчулук үчүн абдан оор жаңылык", - деди.
Рендон социалдык медиага жүктөгөн видеодо аман калгандардын бири: "Мен уктап жаткам, күтүүсүздөн кыйкырыктарды уктум, андан кийин эч нерсе эсимде жок", - деген сөздөрү камтылган.
Куткаруучулар тирүү калгандарды коркунучтуу сайдан носилка менен чыгарышты.
Президент Густаво Петро Xтеги билдирүүсүндө жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө көңүл айтып: «Жаштардын өлүмү мени капа кылат. Өзгөчө алар окууга же ырахат алуу үчүн эс алууга баратканда», — деп жазды.