Адамдар канча жашта картаят?
ДҮЙНӨ
3 мүнөт окуу
Адамдар канча жашта картаят?Сандар боюнча анализ : Адамдар канча жашта картаят?
00:00
Адамдар канча жашта картаят / TRT Global

Америка  жана Сингапур университеттеринин биргелешкен бир изилдөөсү адамдын картаюсу акырындык менен эмес, капысынан болорун көрсөттү.

Жашоо 40 жаштан кийин башталат дешет.

Жаңы изилдөөгө караганда  44 жашыңызда же 60 жашыңызда сиз картайган болосуз.

Стэнфорд университетинин жана Сингапурдагы Наньян технологиялык университетинин изилдөөчүлөрү биргелеше жүргүзгөн  изилдөө адамдын карылыгы акырындык менен болот деген  ишенимди түп - тамырынан жокко чыгарат.

Жаңы изилдөө картаюнун 44 жана 60 жаштын тегерегинде капыстан болот деген теорияны ортого салууда.

Илим жана технологиядагы жетишкендиктер менен акыркы учурларда "Геронтология" - карылык жана картаюу процессинин  изилдениши   популярдуу болгонуна карабастан, бул тема адамзатты көптөн бери кызыктырып келет.

Байыркы грек философу Платон картаюнун жаштыктагы дүнүйөлүк каалоолорунан жана алаксытууларынын эркиндик алып келерине ишенген, бирок Аристотель картаюну физикалык жактан да, моралдык жактан да төмөндөө деп  жек көргөн.

Бирок "Nature Aging" журналында жарыяланган жаңы изилдөө бул маселеге физикалык көз караш менен карайт жана 25 жаштан 75 жашка чейинки 108 адамдын жүз миңдеген молекулаларын изилдеген.

Изилдөөнүн автору жана Стэнфорд университетинин геномика жана медицина борборунун директору профессор Майкл Снайдер айткандай :  «Биз жөн эле убакыттын өтүшү менен акырындап өзгөрбөйбүз... 40 жаштардын  ортосу жана 60 жаш кескин өзгөрүүлөрдүн мезгили».

Изилдөө 44 жана 60 жаштардын картаюу   процессинде маанилүү бурулуш чекиттери болушу мүмкүн экенин түшүндүрбөсө да, авторлор изилдөөлөрүн  тактоо үчүн изилдөөнү улантууну пландаштырууда.

Сызыктуу эмес өзгөрүүлөр

Изилдөө адамдардын акырындык менен картайбагандыгын  көрсөткөн мурунку изилдөөлөрдү тастыктайт.

Жети автор макалаларында буларды жазды : "Көптөгөн изилдөөлөр карылык учурундагы сызыктуу өзгөрүүлөрдү изилдесе да картаюу менен байланыштуу оорулардын жана өлүм коркунучунун белгилүү бир убакыт чекиттеринен кийин ылдамдашы, бул сызыктуу эмес молекулярдык өзгөрүүлөрдү изилдөөнүн маанилүүлүгүн көрсөтүп турат".

Авторлор : «Анализ  картаюу менен байланышкан молекулярдык белгилерде  ырааттуу сызыктуу эмес моделдерин ортого чыгарды ;  44 жашта жана 60 жаштарда эки негизги мезгилде маанилүү бир ыраатсыздык байкалды", - деп кошумчалашты.

АКШ - Сингапур биргелешкен долбоору 44 жана 60 жаштан тышкары, 55 сыяктуу башка курактардын да маанилүү экендигин ортого салууда. 

Гериатриялык моделдерди изилдеген көптөгөн илимпоздор бул сызыктуу эмес моделдерди карылык "толкундары" деп аташат. Буга чейинки изилдөөлөр көрсөткөндөй, адамдар 75 жашка чыкканда дагы бир "толкунга" туш болушат.

Бейтаптар жана саламаттыкты сактоо адистери үчүн сунуштар

Изилдөөнүн акыркы жыйынтыктары, мурунку изилдөөлөр менен бирге, бейтаптардын жана медицина кызматкерлеринин   ар кандай ооруларга кылдат мамиленин дарылоолоруна  жардам бериши мүмкүн, адамдардын  44, 55, 60 жана 75 жаштарда түрдүү ооруларга карата дагы сезимтал болушу мүмкүн экендигин көрсөтүүдө.

Изилдөөнүн авторлорунун айтымында, "кээ бир модулдар белгилүү кластерлерде аныкталган, алар башка мезгилдерге караганда адамдар тез карыган курактагы ар кандай оорулардын рискин сызыктуу эмес жогорулашын көрсөтүп турат."

Изилдөөнүн натыйжалары 60 жаштан кийин жүрөк - кан тамыр, бөйрөк оорулары жана 2-типтеги диабет (мурда чоң кишилердин диабети деп аталган) сыяктуу оору коркунучунда  "сызыктуу эмес өсүш" болушу мүмкүн экендигин көрсөтүүдө.

Окумуштуулар 60 жаштан ашкан адамдардын органдарынын иштешин тездетүү үчүн көп суу ичүүсү керектигин, мунун өзгөчө бөйрөктүн жакшы иштешине жардам берерин, ооруларга каршы керектүү иммунитетти камсыздай турганын белгилешти.

Изилдөө катышуучулардын ден соолугу чың жана башка этникалык тектерге ээ болгондуктан ар бир 3-6 айда үлгү алынгандыгы белгиленди.

55 жаш тууралуу эки жолу ойлонуңуз!

Буга чейинки бир катар изилдөөлөр аялдардын картаюсу көбүнчө 45 жаштан 55 жашка чейинки курактагы менопауза менен байланыштуу болушу мүмкүн экендигин айтышкан. Бирок Калифорнияда жүргүзүлгөн изилдөө бул абалдын аялдар үчүн гана эмес, эркектер үчүн да "таң калыштуу" экенин көрсөттү.

Бул изилдөө макаласында : "Бул абал болжол менен 55 жашта байкалган өткөөл жердин аялдардын менопаузасына гана байланыштуу эмес, тескерисинче, эки жыныстын тең картаюу процессиндеги жалпы көрүнүш экенин көрсөтүүдө", - деп айтылды.

"Бул жыйынтык мурунку изилдөөлөр менен шайкеш келүүдө жана андан ары бул өткөөл жери адамдын картаюсунун маанилүү мүнөздөмөсү болуп саналат деген ойду колдойт."

Иликте
Израиль оккупация астындагы Чыгыш Кудста кечил аялга кол салды
Иран депутаты өлкөдө көпкө созула турган согушка жетиштүү ракета жана дрон запасы бар экенин айтты
Израиль басып алынган Батыш Шериада 100дөн ашык мыйзамсыз конуштарды курууга уруксат берди
Израиль басып алган Батыш Шериада бир палестиналыкты өлтүрдү
Израиль полициясы Палестинанын желеги деп ойлоп  Венгриянын желегин тартып алды
Индияда катуу ысык болуп, жетекчилер жардам көрсөтүү чараларын карап жатат
Мексика өлкөдөгү ЦРУ агенттерин иликтейт
АКШнын согуш министри Иран менен болгон согуш боюнча биринчи жолу көрсөтмө берет
Трамп жардамчыларына блокадага даярдануу буйругун берди
БУУнун Коопсуздук Кеңеши Газадагы ок атышууну "адилеттүү жана туруктуу тынчтыкка" айлантууга чакырды
Мунай баалары АКШнын Иранга карата блокаданы узартуу пландарынан улам көтөрүлдү
Нетаньяху Иран согушу башталгандан бери биринчи жолу коррупция боюнча сот алдына чыкты
Парламент президентти шайлай алган жок; Косово мөөнөтүнөн мурда жалпы шайлоо өткөрөт
Ок атышууну токтотууга карабастан, Израиль Газага кол салууларын улантууда жана бир бала каза болду
Перс булуңунун лидерлери Жиддада саммит өткөрүштү