Түркия, Египет, Катар жана АКШ Газадагы ок атышууну токтотуу боюнча келишимге кол коюшту
АКШнын президенти Трамп Израиль-Хамас туткундарын алмашуусунан кийин аймактык лидерлер менен бирге Газа тилкесинде ок атышпоо декларациясына кол коюусун “Жакынкы Чыгыш үчүн мааниси абдан чоң күн” деп мүнөздөдү.
Египет, Катар, Түркия АКШнын президенти Дональд Трамп менен Газа тилкесинде ок атышпоо келишимине байланыштуу документке кол коюушту.
Документке дүйшөмбү күнү Египеттин Шарм-эл-Шейх шаарында Кызыл деңиздеги эл аралык саммитте кол коюлду.
Израиль менен Хамас туткундарын алмашкандан бир нече сааттан кийин Трамп Газа тилкесинде ок атышпоону бекемдөөгө багытталган декларацияга кол коюуну "Жакынкы Чыгыш үчүн мааниси абдан чоң күн" деп мүнөздөдү.
Президент Трамп саммитке чогулган жыйырмадан ашуун дүйнөлүк лидерлерге кайрылып: "Бул дүйнө үчүн маанис абдан чоң күн, Жакынкы Чыгыш үчүн маанилүү күн",- деди.
Документке кол коюунун алдында Трамп: «Бул документ эрежелерди, жоболорду жана башка көптөгөн нерселерди белгилейт», - деди жана эки жолу :«Бул документ күчүндө болот» деп кайталады.
Газаны кайра куруу боюнча конференция
Египеттин президенти Абдель Фаттах ес-Сиси өлкөсүнүн Газаны кайра куруу боюнча конференция өткөрө турганын белгилеп : "Египет алдыдагы күндөрдө өнөктөштөрү менен координация ичинде АКШ менен биргеликте иштеп Газаны кайра куруу үчүн пайдубалын түптөйт жана эрте калыбына келтирүү, кайра куруу, өнүгүү конференциясын өткөрүүнү пландап жатабыз",- деди.
Сиси өзгөчө Газа келишиминин "адамзат тарыхындагы эң кыйын мезгилди жапканын жана Жакынкы Чыгыш үчүн тынчтык жана ырааттуулуктун жаңы доорун баштай турганын" айтты.
Бул келишимдин эки мамлекеттүү чечимге негиз салган “тарыхый күн” болорун да кошумчалады.