ДҮЙНӨ
3 мүнөт окуу
Венесуэладагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 900дөн ашты, издөө-куткаруу иштери уланууда
Венесуэладагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 920га жетти жана ондогон өлкөлөр издөө-куткаруу, медициналык топторду жөнөткөндөн кийин Бириккен Улуттар Уюму эл аралык мобилизация жарыялады.
Венесуэладагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 900дөн ашты, издөө-куткаруу иштери уланууда
Эл аралык топтор Венесуэладагы куткаруу иштерине көмөктөшүүдө. / AP

Венесуэланын Улуттук Парламентинин спикери Хорхе Родригес жума күнү өлкөдөгү кыйратуучу жер титирөөлөрдө каза болгондордун саны 920га жеткенин жарыялады.

Убактылуу президент Делси Родригес бир нече саат мурун издөө-куткаруу топтору урандылардын астында аман калгандарды издөө улантылып жаткан учурда каза болгондордун расмий саны эки эседен ашык көбөйүп, 589га жеткенин билдирген.

Родригес телкөрсөтүүдө берилген аскер жана жарандык кызматкерлер менен өткөргөн жолугушууда: "Тилекке каршы, каза болгондордун саны 589га жетти", - деди.

Шаршемби күнү болгон 7,5 жана 7,2 баллдык жер титирөөлөрдөн кийин расмий түрдө каза болгондордун саны буга чейин 235 деп жарыяланган.

Бириккен Улуттар Уюму кыйратуучу жер титирөөлөрдөн кийинки аракеттерди колдоо үчүн Венесуэлага кеминде 17 өлкөдөн эл аралык издөө-куткаруу топтору жөнөтүлгөнүн билдирди.

Бириккен Улуттар Уюмунун Гуманитардык иштерди координациялоо боюнча кеңсеси топторду жабыркаган аймактарга жеткирүү "эң башкы артыкчылык" экенин пйтты.

Агенттиктин өкүлү Йенс Лаерке Женевада журналисттерге: "Жер титирөөлөр - бул кандайдыр бир өлкө туш болушу мүмкүн болгон эң кыйратуучу кырсыктардын бири. Бул чындыгында коркунучтуу кырдаал", - деди.

Лаерке: «Бирок, азыр биз көрүп жаткан нерсе - эл аралык мобилизациялоонун эң мыкты мисалдарынын бири. Гуманитардык жардам системасынын баары өтө ылдам жана кеңири масштабда аракетке өтүүдө»,- деди.

Эл аралык куткаруу топтору мобилизацияланууда

Лаерке 17 улуттук шаардык издөө-куткаруу бөлүмдөрү менен бирге медициналык тез жардам топторун камтыган жалпысынан 25 топтун аймакка жөнөтүлгөнүн, 1000ге жакын куткаруучунун иштерге катыша турганын айтты. Ошондой эле дагы кошумча топтордун жөнөтүлүшү күтүлүп жатканын белгиледи.

Чили, Колумбия, Сальвадор, Италия, Мексика, Швейцария жана Америка Кошмо Штаттарынан топтордун Венесуэлага келгенин билдирген Лаерке; Түркия, Улуу Британия, Чехия, Эквадор, Франция, Германия, Иордания, Нидерландия, Катар жана Испаниядан да топтордун жолго чыкканын кабарлады.

Куткаруу иштерине артыкчылык берилет

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму өзгөчө имараттар ураган аймактарда массалык жаракаттарды башкаруу жана жаракаттарды (травмаларды) дарылоо шашылыш муктаждыктардын катарында экенин жарыялады.

Америкадагы Бириккен Улуттар Уюмунун саламаттыкты сактоо агенттигинин аймактык бөлүмү болгон Пан Америка саламаттыкты сактоо уюмунун өзгөчө кырдаалдар боюнча директору Чиро Угарте: "Эң негизги артыкчылык - мүмкүн болушунча көп адамды куткаруу жана жаракат алгандарга медициналык жардамды мүмкүн болушунча тезирээк көрсөтүү", - деди.

Вашингтондон билдирүү берген Угарте: "Алгачкы 72 саат өмүрдү сактап калуу үчүн абдан маанилүү. Күч-аракеттер жабыркагандарга өз убагында медициналык жардам көрсөтүүгө багытталды",- деди.

Угарте алдыдагы сааттарда жана күндөрдө каза болгондордун жана жаракат алгандардын саны бир топ көбөйүшү күтүлүп жатканын айтты.

Жер титирөөлөр ансыз да алсыз саламаттыкты сактоо системасына таасирин тийгизгенин белгилеген Угарте аймактагы 15тен ашык саламаттыкты сактоо министрлиги колдоо көрсөтүүгө убада берип, топторду жөнөтүүгө даяр экенин кошумчалады.

Угарте Пан-Америка саламаттыкты сактоо уюмунун эксперттери жабыркаган медициналык мекемелердин картасын түзүү үстүндө иштеп жатышканын айтты. Эксперттер Модификацияланган Меркалли шкаласы боюнча 6 жана 7 баллдан жогору силкинүүгө дуушар болгон 90дон ашык оорукананы аныкташканын билдирди.

«Биз бул мекемелерге артыкчылык берип жатабыз; буга курулуш коопсуздугун, тез жардам бөлүмүнүн сыйымдуулугун, операциялык бөлмөлөрдү, керебеттердин сыйымдуулугун, кан менен камсыздоону жана кычкылтек сыяктуу маанилүү факторлорду карап жатабыз", — деди Угарте.

Ал ошондой эле ооруканаларда сөөк сыныктары жана баштан алган жаракаттардан сырткары, имараттардын урашынан улам келип чыккан күйүктөр жана башка жаракаттардын да дарыланып жатканын кошумчалады.

Иликте
Түркия  Дамаскта өткөн Сирия Элдик парламентинин биринчи сессиясын ыраазычылык менен кабыл алды
Түрк изилдөөчүлөрүнүн жасалма интеллект боюнча изилдөөсү эл аралык адабияттарга кирди
Украина: Россиянын көмүскө флотуна таандык 14 кемеге чабуул койдук
Министр Фидан Парижде өтө турган "Украина" саммитине катышат
Президент Эрдоган Катар эмири үчүн көңүл айтты
Киев жаңы ракеталык чабуулдарга учурап, Россиянын Украинадагы чабуулдарынан 8 адам каза болду
Түркия Венесуэлага 30 тонна гуманитардык жардам жөнөттү
Түркия Ливандын коопсуздугун колдоону улантарын  билдирди
Россия: "Украина кризисти тынчтык жолу менен чечүүнү каалабайт"
Россия Украинанын 376 дронун атып түшүргөнүн жарыялады
Сабиха Гөкчен аэропорту алгачкы 6 айда 23,6 миллион жүргүнчүнү кабыл алды
Президент Эрдоган НАТО саммитинин алкагында Албаниянын премьер-министри Раманы кабыл алды
Президент Эрдоган Словакиянын президенти Пеллергини менен жолугушту
Түркия дүйнөдөгү калкы эң көп 18 -  өлкө болду
Трамп Иранды "чабуулдар катуу болушу мүмкүн" деп коркутту