ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Кремль: Кийинки Орусия-Украина-АКШ сүйлөшүүлөрү Стамбулда өтүшү мүмкүн
Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Украина сүйлөшүүлөрүнө катышкан бардык тараптар Стамбулду сүйлөшүү аянтчасы катары кубаттаганын айтты.
Кремль: Кийинки Орусия-Украина-АКШ сүйлөшүүлөрү Стамбулда өтүшү мүмкүн
Бардык тараптар сүйлөшүүлөрдүн Стамбулда улантылышын кубаттады. / Reuters

Шейшемби күнү Москвада өткөн басма сөз жыйынында Песков, Украина сүйлөшүүлөрүнө катышкан бардык тараптар Стамбулду сүйлөшүү аянтчасы катары кубаттаганын, ошондуктан сүйлөшүүлөр бул жерде улантылышы мүмкүн экенин кабарлады.

"Албетте, Стамбул варианты бар жана бардык тараптар буга абдан оң көз карашта", - деп кошумчалады Песков.

Песков ошондой эле Бириккен Араб Эмираттарынын өкмөтүнө мурунку сүйлөшүүлөрдү уюштурууга көрсөткөн жардамы жана түзүлгөн атмосфера үчүн ыраазычылык билдирди.

Кремлдин басма сөз катчысы:"Албетте, БАЭ бийлиги тарабынан бул үч тараптуу сүйлөшүүлөр үчүн түзүлгөн атмосфераны баары жогору баалайт жана Бириккен Араб Эмираттарынын өкмөтүнө сүйлөшүү процессин уюштурууга көрсөткөн жардамы үчүн баары ыраазы", - деди.

Орусиядагы интернеттин өчүрүлүшүнө да токтолгон Песков "коопсуздукту камсыз кылуу" үчүн өчүрүүлөр "зарыл болгон убакытка чейин" улана берерин айтты.

Иликте
Зеленский Россиянын бүгүнкү күнгө чейинки эң ири туткун алмашууну бекиткенин билдирди
Түрк министри COP31де эскертти: "Мөңгүлөрдүн жоголушу дүйнөлүк суу ресурстарына коркунуч келтирет"
Судандын Дарфур аймагында үч күндүн ичинде 5 275 адам жер которууга аргасыз болду
АКШнын президенти Трамптын атайын өкүлдөрү Москвада орус лидери Путин менен жолугушту
Израиль: "CENTCOM армияга Иранга каршы жаңы чабуул ыктымалдуулугуна даяр болуу билдирүүсүн жөнөттү"
Малатияда S-70 үлгүсүндөгү тик учак кырсыкка учурап, төрт аскер шейит болду
Кызыл Чырым: "Газадагы жер которгон үй-бүлөлөр катуу суукка туш болууда"
Түркиянын А улуттук баскетбол командасы Черногорияны 79-62 эсебинде жеңди
Ок атышпоого карабастан Израилдин Газага жасаган чабуулдарынан акыркы 24 саатта 8 адам каза болду
Президент Эрдоган БУУнун Башкы катчысы Гутеррешти кабыл алды
БУУнун Башкы катчысы Гутерриш Түркиянын COP 31ди уюштурганын мактады
Түркия жашыл жана санариптик өтүүнү тездетүү үчүн Жашыл келишим боюнча иш-аракеттер планын жаңылады
Түркия менен Өзбекстан айлана-чөйрөнү коргоо боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту
ASELSAN бардык энергетикалык муктаждыктарын күн энергиясынан канааттандырат
Эл аралык катышуучулар COP31де Ататүрктү бир мүнөттүк унчукпай туруу менен эскеришти