СПОРТ
1 мүнөт окуу
Иран Дүйнөлүк Кубоктун ачылыш беттешинде Жаңы Зеландия менен 2:2 эсебинде тең чыкты
Иран эки жолу артта калды, бирок акыркы ышкырык жаңырганга чейин эки команда тең жеңиш голун киргизе алган жок.
Иран Дүйнөлүк Кубоктун ачылыш беттешинде Жаңы Зеландия менен 2:2 эсебинде тең чыкты
Иран Жаңы Зеландия менен 2:2 эсебинде тең чыкты. / Reuters

Иран Дүйнөлүк Кубоктун алгачкы беттешинде Жаңы Зеландия менен 2:2 эсебинде тең чыкты.

Жаңы Зеландия жетинчи мүнөттө Элайджа Жасттын голу менен алдыга чыкты, анын пасын Крис Вуд берди.

Иран 32-мүнөттө Рамин Резаяндын голу менен эсепти теңеп, Лос-Анжелес стадионунда негизинен ирандык күйөрмандардан турган көрүүчүлөрдү кубандырды.

Мотеруэллдин 26 жаштагы чабуулчусу Жаст 54-мүнөттө Вуддун дагы бир пасынан кийин топтун дарбазачы Алиреза Бейранванддын үстүнөн өтүп кетишин камсыздап Жаңы Зеландияны кайрадан алдыга чыгарды.

Бирок 10 мүнөттөн кийин Иран жооп кайтарды; Мохаммад Мохеббинин башы менен киргизген голу дарбазага кирип, эсепти кайрадан теңеди.

Иран жекшемби күнү G тобундагы беттештери үчүн Лос-Анжелеске кайтып барат, ал эми Жаңы Зеландия Ванкуверде Египет менен беттешет. Дүйшөмбү күнү Бельгия Египет менен 1:1 эсебинде тең чыкккан.

Иран турнир учурунда машыгуу базасын Аризонадан Мексиканын Тихуана шаарына көчүрүп, ар бир беттештен бир күн мурун АКШга учуп, андан кийин тез эле Мексикага кайтууда.

Иликте
Жапонияда болгон 7,1 баллдык жер титирөөдөн каза болгондордун саны 13кө жетти
Түрк Кызылайы Судандагы муктаждар үчүн азык-түлүк колдоосун көрсөттү
Япониянын түштүгүндө 7,1 баллдык жер титирөө болду
Франциянын президенти Макрон Түркияга өрт өчүрүү учактарын жөнөткөнү үчүн ыраазычылык билдирди
Ирак премьер-министри Зейди Түркияга келет
АКШнын президенти Трамп Нетаньяхунун Түркияга F-35 учактарын сатууга каршылыгына жооп берди.
Кытайдын түндүк-батышында 5,7 жана 5,8 баллга жеткен эки жер титирөө катталды
Иран: "АКШ менен эч кандай сүйлөшүүлөр жок"
Судандын тышкы иштер министри Салем Түркияга келет
Украина Орусияга түн ичинде кол салды: Эки адам каза болуп, 12 адам жаракат алды
Хакан Фидан БУУнун баш катчысы Гутерриш менен Кипр, Сирия жана аймактык маселелерди талкуулады
Шара президент Эрдоган Сирияга коюлган санкцияларды алып салуу үчүн ортомчулук кылып жатканын айтты
Араб Лигасынан Трампка Израилдин ээлөө жана бузуулууларын токтотуу чакырыгы
АКШда тамак -  аш фестивалындагы куралдуу кол салууда 2 киши каза болуп,  5 киши жаракат алды
Түркиянын аялдар улуттук волейбол командасы экинчи жолу Улуттар лигасынын чемпиону болду