ТҮРКИЯ
1 мүнөт окуу
Трамп менен Эрдоган мамилелерди бекемдөөгө убада беришти: Cогуштук учактарды сатуу жана соода...
Түркия Республикасынын Президентин «өтө кадыр-барктуу адам» деп мүнөздөгөн АКШнын президенти Дональд Трамп «Эрдоганга өлкөсүндө, бүт Европада жана дүйнөдө абдан суктангандарын» айтты.
Трамп менен Эрдоган мамилелерди бекемдөөгө убада беришти: Cогуштук учактарды сатуу жана соода...
Трамп Эрдоган менен коргонуу өнүмдөрүн сатуу боюнча кеңири талкууларды өткөрө турганын айтты. / AA

АКШнын президенти Дональд Трамп менен президент Режеп Таййип Эрдоган бейшемби күнү Ак үйдө өткөн жолугушууда коргонуу жана соода тармагындагы кызматташтыкты тереңдетүүнү убадалашты.

Трамп Эрдоган менен Түркиянын F-16 жана F-35 программалары менен бирге АКШда жасалган согуштук учактардын сатып алынышын жана экономикалык кызматташтыкты сүйлөшкөнүн белгиледи.

Трамп журналисттерге: «Эки өлкө үчүн чоң соода келишимдерин түзөбүз», - деген Трамп, Анкарага Орусиянын ракеталык системаларын сатып алганы үчүн киргизилген санкциялардын «дароо» жоюлушу мүмкүн экенин айтты.

Президент Эрдоган сүйлөшүүлөрдө коргонуу өнүмдөрүн сатуу сыяктуу кеңири темалардын караларын айтты.

«Түрк-Америка карым-катнаштарында башка бир этаптан өтүп жатабыз»,- деген Эрдоган: «Аймактагы бул кыйынчылыктарды биргелешип, кол кармашып жеңебиз деп ишенем»,-деди.

Трамп кесиптешин «өтө кадыр-барктуу адам» деп мүнөздөп, Эрдоганга «өз өлкөсүндө, бүт Европада жана бүткүл дүйнөдө абдан суктангандарын» айтты.

НАТО шериктештеринин ортосунда коргонуу сатып алуулары, аймактык кагылышуулар жана каржылык санкциялар сыяктуу маселелер боюнча көптөн бери болгон пикир келишпестиктерге карабастан, эки лидердин бул жолугушууда элдешүүчү маанайда болушу жана кызматташтыкты баса белгилегени көңүлдү бурду.

Иликте
SpaceX АКШнын Коргоо министрлигинде кантип орун алды?
Кытай менен Түндүк Корея мамилелерди чыңдоону чечишти
Украинанын Харьков шаарында Орусиянын чабуулдарынан төрт адам каза болду
Стамбул декларациясында кызматташтык жөнүндө билдирүү алдыңкы орунда турат
АКШнын Apache тик учагы Ормуз кысыгынын жанында кулап түштү
Президент Эрдоган Венесуэланын президентинин милдетин аткаруучусу менен жолугушту
Армениянын  тышкы иштер министри Мирзоян Түркия менен толук  нормалдашуу боюнча үмүттүү
ДММ "Түрк учактары грек министринин учагына жолтоо болду" деген дооматтарды четке какты
Байрамов Түркия, Азербайжан жана Грузиянын тышкы иштер министрлеринин жыйынында сөз сүйлөдү
Министр Фидан: "Кара деңизде навигациянын коопсуздугунун төмөндөшү тынчсыздандырууда"
Газа тилкесиндеги ок атышууну токтотуунун экинчи этабы боюнча Каирде сүйлөшүүлөр уланууда
Түркиянын Улуттук чалгындоо уюмунун башчысы Калын Газа дипломатиясы үчүн Каирде
Министр Фидан: Ортоңку коридор үч тараптуу кызматташуубуздун стратегиялык негизине айланды
Пашинян Батыш менен жакындашууга жана Орусия менен тең салмактуу саясат жүргүзүүгө убада берди
Түркия 4 айда 195 миллион долларлык лимон экспорттоду