Зохран Мамдани мэрликке келген биринчи күнү Израилди колдогон чечимдерди жокко чыгарды

Нью-Йорк шаарынын мэри мурдагы мэрдин Израилге байланыштуу чечимдерин жокко чыгаргандан кийин сионисттик чөйрөлөрдөн жана Израилдин жетекчилигинен келген сындарга карабастан, артка кайткан жок.

By
Нью-Йорк шаарынын мэри Зоран Мамдани кызматка киришкен биринчи күнүндө эле аткаруу буйруктарына кол койду. / AP

Нью-Йорк шаарынын мэри Зохран Мамдани кызматка киришкен алгачкы күнү мурунку мэр Эрик Адамс тарабынан кол коюлган жана Израилди колдоо иретинде сунушталган талаш - тартыштуу чечимдерди камтыган бир катар аткаруу буйруктарын жокко чыгарган жарлыкка кол койду.

Мамдани жарыялаган аткаруу буйругуна ылайык, 2024-жылдын 26-сентябрында кол коюлган жана 2025-жылдын 31-декабрына карата күчүндө турган бардык директивалар жараксыз деп табылды. Буга чейин чыгарылган чечимдер ачык өзгөртүлмөйүнчө же жокко чыгарылмайынча күчүндө кала берери белгиленди.

Бейшемби күнү Мэриядагы ант берүү аземинен бир нече саат өткөндөн кийин бул чечимдерди ишке ашырган Мамдани, жума күнү берген билдирүүсүндө Адамс мезгилиндеги чечимдерди жокко чыгаруу кадамын толук коргоорун айтты.

Бул кадам өткөн айда кабыл алынган, муниципалдык мекемелердин Израилге бойкот жарыялоосун же андан инвестицияларын кайтарып алуусуна тыюу салган чечим менен бирге көптөгөн жоболорду иш жүзүндө токтотту.

Июнь айында кол коюлган, Израилге карата айрым сын-пикирлерди камтыган антисемитизмдин кеңири аныктамасын кабыл алган дагы бир директива жокко чыгарылгандардын арасында орун алды.

Израилдин Тышкы иштер министрлиги социалдык тармактар аркылуу Мамданини антисемитизмди козутууга айыптады. «UJA New York» федерациясы сыяктуу айрым уюмдар да бул чечимге каршы чыгып, муну «антисемитизмге каршы маанилүү коргоо чараларын артка кайтаруу» деп билдиришти.

Израилдин Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө Мамдани кызматка келген алгачкы күнү эле Эл аралык Холокостту эскерүү альянсынын антисемитизм аныктамасын алып салганы жана Израилге бойкот жарыялоого болгон чектөөлөрдү жумшартканы айтылды.

Таза барак

Мамдани антисемитизмге каршы күрөшүү үчүн мурунку администрация тарабынан түзүлгөн шаардык кеңсени жапкан жок. Бөлүмдүн өз ишин улантаары белгиленди. Жарлыкта ошондой эле учурда күчүндө турган өзгөчө кырдаал чечимдерине бул жоболордун таасир этпей турганы айтылды.

Мамдани пресс-конференцияда: «Жөөт тектүү Нью-Йорктун тургундарын коргоо менин администрациямдын негизги артыкчылыктарынын бири болот», — деди. Ал аткаруу буйруктары боюнча чечими анын администрациясына «Нью-Йорктун тургундары үчүн жаңы доорду баштоо максатында таза барак» ачканын билдирди.

Мамдани администрациясынын жек көрүүчүлүк жана жикчилдик менен күрөшүүдө чечкиндүү болорун белгилеп, антисемитизм менен күрөшүү — жек көрүүчүлүк кылмыштарынын алдын алууга каражат бөлүү, коңшулук мамилелерди чыңдоо жана инклюзивдүү саясат аркылуу жүргүзүлөрүн айтты.

The New York Times гезитинин жазганына караганда, Нью-Йорк жарандык эркиндиктер союзунун директору Донна Либерман жокко чыгарылган чечимдер мурунку мэрдин өзү кошулбаган пикирлерди чектөөгө багытталган «акыркы мүнөттөгү» кадамдары сыяктуу көрүнөрүн жана жаңы администрациянын аларды артка кайтаруусу «таң калыштуу эмес» экенин билдирди.

Либерман сөз эркиндиги көз караштан көз каранды эмес экенин баса белгилеп, бул Израил же Газа тууралуу сүйлөшүүлөргө да, башка бардык саясий маселелерге да тиешелүү экенин айтты.