ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Швейцариядагы өрттөн каза болгондорду эскерүү аземинде көз жаш жана жымжырттык өкүм сүрдү
Жаңы жылдык майрамда "Le Constellation" барында чыккан өрттөн кеминде 47 адам каза болуп, 100дөн ашуун адам жаракат алды.
Швейцариядагы өрттөн каза болгондорду эскерүү аземинде көз жаш жана жымжырттык өкүм сүрдү
Mourners laid tributes on a table temporarily put up at the entrance of the road leading down to the bar. / Reuters

Бейшемби күнү кечинде Кран-Монтанада жүздөгөн адамдар катуу суукка карабай чогулуп, жаңы жылды майрамдоо учурунда чыккан өрттөн каза болгондорду эскерүү үчүн гүл коюп, шам жагышты.

Көңүл айтуу үчүн келген бир нече киши окуя болгон жерди карап кыймылсыз турушту. Адамдар шыбырашып сүйлөштү же эч сүйлөшкөн жок.

Фамилиясын Оросстевич деп айткан аза күтүүчү: "Мен барда жок элем бирок ал жерде көптөгөн досторум жана туугандарым бар болчу", - деди.

Оросстевич: “Айрымдары каза болду, айрымдары да ооруканада. 10 кишиге жакын болчу”,- деди.

«Алардын көпчүлгү үй - бүлөмдүн достору, бирок мен аларды абдан жакшы таанычумун».

Оросстевич сый көрсөтүү катары гүл алганын айтты.

«Тынчтыкта жатышсын»

Шок

Черминьон-д'ен-Бастан келген Матис эскерүү аземинде AFPге берген маегинде: "Бул жер достор менен жолугушкан бар, биз дээрлик ар бир дем алыш күндөрү келебиз. Биз келбеген сейрек дем алыш күндөрдүн бири эле."

"Биз жөн гана кичинекей өрт деп ойлогонбуз, бирок ал жакка барганыбызда согуш болгон сыяктуу эле. Муну сүрөттөө үчүн колдоно турган бир гана сөз: кыямат. Абдан коркунучтуу эле".

24 жыл ушу аймакта жашап келаткан француз жараны Пауло Мартинс AFPге: «Менин балам ошол жерде болушу мүмкүн эле. Анча алыс эмес болчу. Ал кыз досу менен бирге ичкери киришмек. Бирок натыйжада ал жерге бара алышкан жок», — деди.

«Үйгө келгенде шок абалда эле»

17 жаштагы уулунун досу денесинин 30 пайызы күйүк менен жабыркагандыктан, дарылануу үчүн Германияга жөнөтүлдү.

Аза күткөндөр бар жолуна кире беришке убактылуу коюлган столго гүлдөрдү жана эстелик буюмдарды коюшту.

Эки полиция кызматкери коопсуздук тилкесинде нөөмөөтө турду.

Үзгүлтүксүз келген адамдар шамжагып, гүлдөрдү алып келишти.

Чогулгандардын айрымдары сезимдерин айта албай кыйналды.

Аты жөнүн билдирүүнү каалабаган бир аял : “Каза болгондор жана жаралуулар бар. Жакындарыбыздан азыр да табыла электер бар. Алардан эч бир кабар жок”,- деди.

Кайгы

Шаарда рождествонун жарыктары дагы деле өчүп - күйүп турат сый көрсөтүү максатында бир канча бар жабылды.

Буга чейин Монтана-Стейшн чиркөөсүндө каза болгондор үчүн эскерүү аземи өткөрүлдү.

Жергиликтүү чиркөө жамаатынын мүчөсү Жан-Клод: «Көп адамдар болду, кайгылуу атмосфера бар эле. Үмүт тууралуу абдан жакшы насаат айтылды”,- деди.

Сезимдерин билдирүүгө аракет кылган жаш жигит: "Биз ал жерде болгон тааныштарыбыздын досторун билчүбүз. Аларды эскерип жатабыз", - деди.

Аза күткөндөрдүн бири Мина аттуу картаң аял уулунун бул популярдуу барга көп барганын айтты.

Мина AFP агенттигине буларды айтты : “Кечээ кечинде ал жерде болбошу кокустук болду”.

”Тааныган бир официант кыз бар болчу. Дайыма кызмат көрсөтчү. Экөөсүнүн мамилеси жакшы элк. Бирок эми ал жок”.

40 жыл Кранс-Монтанда жашаган кары италиялык аза күтүүчү Вераника бетиндеги жашты сүртүп : “Башкалардын кайгысы - баарынын кайгысы”,- деди.

Иликте
АКШ Ливан менен Израилдин ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн биринчи күнүн "позитивдүү" деп мүнөздөдү
Макрондун айтымында Франция Африкада Түркия, Кытай жана АКШдан артта калууда
Түркия Ирактын жаңы өкмөтүн колдоого убада берди
Израиль 35 миллион долларлык келишимге кол койду
Министр Фидан ТМК ТИМ башчыларынын кеңешине Түркиянын атынан катышат
Нью-Делидеги BRICS жыйыны: Иран менен БАЭнин ортосундагы дипломатиялык тирешүү
Россия Киевди ракета жана дрондор менен бомбалады
Эрдоган: "Каспий аркылуу өтүүчү Чыгыш-Батыш орто коридорунун мааниси күн сайын жакшы түшүнүлүүдө"
АКШ менен Кытай "конструктивдүү жана стратегиялык жактан туруктуу" мамилелер боюнча макулдашышты
Түркия БУУда Грециянын "Түрк кысыктары"  терминин колдонуусуна карата нааразычылыгын четке какты
Түркия Аль-Акса мечитине жүргүзүлгөн рейдди айыптап, чыңалуу жана туруксуздук жөнүндө эскертти
Аббас Аракчи: Иранга байланыштуу эч бир маселени аскердик жол менен чечүү мүмкүн эмес
Израилдик мыйзамсыз отурукташкандар полициянын коргоосу астында Аль-Акса мечитине рейд жүргүзүштү
Президент Эрдоган Казакстанда расмий азем менен тосуп алынды
Израиль күчтөрү Кунейтра элетин бомбалап, Сирияга карата жүргүзгөн рейдде эки кишини камакка алды