ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Пакистандын Хайбер-Пахтунхва провинциясындагы теракттан 16 аскер набыт болду
Акыркы айларда коопсуздук күчтөрүнө жасалган эң кандуу кол салууда кеминде 24 киши, анын ичинде 14 жайкын тургун жараат алды.
Пакистандын Хайбер-Пахтунхва провинциясындагы теракттан 16 аскер набыт болду
Пакистандын Хайбер-Пахтунхва шаарында жанкечтинин жардыруусунан 16 аскер набыт болду. / Reuters
 

Пакистанда түндүк-батыштагы Хайбер-Пахтунхва провинциясында, Ооганстан менен чек арага жакын жерде, жанкечтилик жардыруудан кеминде 16 аскер каза болуп, ондогон адамдар, анын ичинде жай тургундар жаракат алышты деп жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлашты.

Жардыруу Мир Али аймагындагы Хади базарында армиянын кербенине жасалган деп билдирет жергиликтүү Khyber Chronicles маалымат агенттиги коопсуздук булактарына таянып.

Коопсуздук кызматкерлери билдиргендей, бул чабуулду жанкечти жардыргыч заттарды 22-Фронттук күчтөр полкунун бомба зыянсыздандыруучу унаасынын жанында жардыруу менен ишке ашырган.

“Жанкечти жардыргыч заттар жүктөлгөн унааны аскер кербенине кагып, жардырды”, - деди Хайбер-Пахтунхва провинциясынын Түндүк Вазиристан районундагы жергиликтүү өкмөт өкүлү, аты-жөнүн ачыкка чыгарбоону суранып, анткени ал маалымат каражаттарына сүйлөөгө уруксат алган эмес.

Ал 16 аскер каза болгонун, мурдагы 13 адам өлүмү тууралуу маалыматты жаңыртып билдирди.

“Жардыруу эки үйдүн чатырларынын кулашына алып келип, алты баланы жарадар кылды”, - деп билдирди райондук полиция кызматкери AFP агенттигине.

Бул чабуул үчүн “Техрик-и-Талибан Пакистан” (ТТП) террордук уюмунун бир бөлүгү жоопкерчиликти өзүнө алды.

Жардыруудан кеминде 24 киши, анын ичинде 14 жай тургун жаракат алган.

Бул чабуул Хайбер-Пахтунхва провинциясындагы акыркы айлардагы коопсуздук күчтөрүнө жасалган эң кандуу бир күндүк чабуулдардын бири болуп калды.

Азырынча Пакистан армиясы бул чабуул боюнча расмий билдирүү жасай элек.

Вазиристан, Хайбер жана Куррам райондорундагы күчтөргө жасалган акыркы чабуулдардан кийин Пакистан армиясы бул аймактарда чалгындоо операцияларын күчөттү.

Исламабад “Техрик-и-Талибан Пакистан” (ТТП) террорчуларын Ооганстанда жайгашкан деп шектенишип, Пакистанда террордук чабуулдарды алар уюштуруп жатат деп айыптап келет, бирок Кабул мындай чабуулдар өз аймагынан уюштурулуп жатат деген дооматтарды четке кагат.

ТийиштүүTRT Global - Trump's general hails 'phenomenal' Pakistan, says US-India relations can't cost ties with Islamabad

Иликте
Греция Израиль менен 1 миллиард евролук жаңы курал-жарак келишимин даярдап жатат
Ливиянын жээгинде Орусиянын деңиз флотуна таандык корвет жана орус жүк ташуучу кемеси бутага алынды
Трамп Иранга чабуулдар жаңы жылдан кийин кайра башталышы мүмкүн деп эскертти
Берлиндеги ооруканада чыккан өрттөн 15 адам жабыркап, бир адамдын абалы оор
Министр Курум: "Жалпы үйүбүз дүйнө үчүн чечимдерди издөөдөн баш тартпайбыз"
Индонезиядагы өрт апааты: 24 адам каза таап, ондогон адамдан кабар жок
Түрк Кызылайы Газадагы 25 миң адамга азык-түлүк жардамын жөнөттү
Украина: "Орусиянын ар кандай чабуулдарынан 14 жаран каза болду"
Орусия: Германия менен Улуу Британиянын коргоо министрлери «акылынан адашып калышты»
Кытай АКШдан телекоммуникациялык чектөөлөрдү алып салууну суранды
Жаш улуттук дзюдочулар Дүйнө чемпионатынын 3-күнүндө 2 алтын, 3 медаль утушту
Иран Бахрейндеги АКШнын радарларына сокку урганын жарыяласа, Манама жарандык объект экенин билдирди
Баскынчы Израиль Батыш Шериадагы жөөт конуштарында 895 жаңы турак жай куруу планын жарыялады
Министр Фидан: «Йемендин ичине аскерлерди жайгаштыруу боюнча эч кандай чечим кабыл алына элек»
Министр Болат: «Акыркы 6 айда биз ай сайын экспорттун бардык рекорддорун жаңыладык»