ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Бишкектеги ШКУнун бизнес - форумунда 150 миллион долларлык келишимге кол коюлду
Кыргызстандын борбор шаары Бишкекте Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө өлкөлөр катышкан "Кыргызстан, Евразиянын жүрөгү" аттуу бизнес - форумда 150 миллион долларлык келишимге кол коюлду.
Бишкектеги ШКУнун бизнес - форумунда 150 миллион долларлык келишимге кол коюлду
Бишкектеги ШКУнун бизнес-форумунда 150 миллион долларлык келишимге кол коюлду.
 

Президентке караштуу Улуттук инвестициялык агенттиктин уюштуруусунда өткөн форумга инвесторлор, бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү, эл аралык каржы институттары жана эксперттерден турган 600дөн ашык адам катышты.

Форумдун ачылышында сөз сүйлөгөн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев, ШКУнун 2025-2026-жылдардагы төрагалыгы учурунда ишкердик байланыштарды бекемдөө жана инфраструктуралык тоскоолдуктарды жоюу боюнча бир катар чараларды ишке ашырып жатканын айтты.

ШКУнун глобалдык экономикадагы стратегиялык ролун белгилеген Амангелдиев буларды айтты: «ШКУга мүчө мамлекеттер 3,5 миллиарддан ашык калкы жана 33 триллион долларлык жалпы ИДПсы (Ички дүйнөлүк продукт) менен 10 өлкөдөн куралып, дүйнөлүк экономиканын эң ири борборлорунун бирин түзөт. Ошол эле учурда өлкөлөрүб.з дүйнөлүк айыл чарба өндүрүшүнүн 38 пайызын камсыздайт. Акыркы 4 жылда Кыргызстан менен ШКУ өлкөлөрүнүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 2 эседен ашык өстү. Туруктуу өнүгүү үчүн санариптик соода, жашыл энергетика, транспорт, логистика жана инфраструктура сыяктуу тармактарга көңүл бурууну сунуштайбыз».

«Ар бир өлкөнүн өзүнчө күчтүү жактары бар»

Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев уюм биргелешкен гүлдөп-өнүгүүнүн кыймылдаткычы болушу керектигин белгилеп, мүчө өлкөлөрдүн потенциалына көңүлдөрдү бурду.

Кытайдын технология, Россиянын энергетика, ал эми Казакстан менен Кыргызстандын транзиттик коридор сыяктуу артыкчылыктарга ээ экенин айткан Сариев: «Кыргызстан сиздердин идеяларыңыздарга, инвестицияларыңыздарга жана бизнесиңиздерге ачык», — деп чакыруу салды.

ШКУнун башкы катчысынын орун басары Пяо Яньфань уюмдун аймактык тынчтыкка, туруктуулукка жана элдердин бакубаттуулугуна кошкон салымдарын эске салып, форумдун ишкерлер үчүн конкреттүү келишимдер менен жыйынтыкталышын каалады.

Форумдун алкагында, меморандумдар менен ниет каттары да камтылган, жалпы суммасы 150 миллион долларлык12 инвестициялык жана соода келишимине кол коюлду.

Иликте
Греция Израиль менен 1 миллиард евролук жаңы курал-жарак келишимин даярдап жатат
Ливиянын жээгинде Орусиянын деңиз флотуна таандык корвет жана орус жүк ташуучу кемеси бутага алынды
Трамп Иранга чабуулдар жаңы жылдан кийин кайра башталышы мүмкүн деп эскертти
Берлиндеги ооруканада чыккан өрттөн 15 адам жабыркап, бир адамдын абалы оор
Министр Курум: "Жалпы үйүбүз дүйнө үчүн чечимдерди издөөдөн баш тартпайбыз"
Индонезиядагы өрт апааты: 24 адам каза таап, ондогон адамдан кабар жок
Түрк Кызылайы Газадагы 25 миң адамга азык-түлүк жардамын жөнөттү
Украина: "Орусиянын ар кандай чабуулдарынан 14 жаран каза болду"
Орусия: Германия менен Улуу Британиянын коргоо министрлери «акылынан адашып калышты»
Кытай АКШдан телекоммуникациялык чектөөлөрдү алып салууну суранды
Жаш улуттук дзюдочулар Дүйнө чемпионатынын 3-күнүндө 2 алтын, 3 медаль утушту
Иран Бахрейндеги АКШнын радарларына сокку урганын жарыяласа, Манама жарандык объект экенин билдирди
Баскынчы Израиль Батыш Шериадагы жөөт конуштарында 895 жаңы турак жай куруу планын жарыялады
Министр Фидан: «Йемендин ичине аскерлерди жайгаштыруу боюнча эч кандай чечим кабыл алына элек»
Министр Болат: «Акыркы 6 айда биз ай сайын экспорттун бардык рекорддорун жаңыладык»