Тышкы иштер министри Хакан Фидан Израилдин Газадагы геноцидине байланыштуу акыркы окуялар жана абалдардын АКШнын Израилдин саясатына кеңири ишенимге ээ болгондой таасири жок экенин, чындык тескери болушу мүмкүн экенин айтты.
Фидан АКШ президенти Дональд Трамп менен Газада тынчтык жана Сирияда туруктуулук боюнча уланып жаткан сүйлөшүүлөргө комментарий берип жатып: "Американын ички саясатында ондогон жылдар бою калыптанган бир чындык бар. Ал чындык ким кимди көзөмөлдөйт жана ким кимди башкарат деген чындык. Бул акыркы окуяларда дагы белгилүү болду, чындыгында Америка Кошмо Штаттарынын Израилдин саясатына таасири анчалык деле көп эмес. Балким, тескерисинче болушу мүмкүн", - деди.
Израилдин Палестина жерлерин басып алгандан бери дайыма аймак үчүн көйгөй жаратканын баса белгилеген Фидан, бардык аймак өлкөлөрүнүн 1967-жылдагы чек араларга негизделген эки мамлекеттүү чечимди колдогонун билдирди.
Фидан MBC MASR TV каналына берген маегинде: "Бирок, Израиьл эч качан эки мамлекеттүү чечимди каалаган эмес. Коопсуздукту шылтоо кылып, 1967-жылдагы чек арадан тышкары Палестинанын жерлерин басып алуу саясатын ырааттуу түрдө улантты", - деди.
“Бул жерде илслам дүйнөсүнүн ондогон жылдардан бери эң чоң маселеси бул болду. Акыркы жылдары Палестинада уланып жаткан зулумдан тышкары Израилдин экспансионизми аймак үчүн расмий коркунучка айланды", - деп кошумчалады.
Фидан Дохадагы чукул арап-ислам саммитинин маанисин баса белгилеп, жыйында Израилдин экспансионизмине көңүл бурулганын айтты.
"Газада уланып жаткан геноцид жана Батыш Шерианы аннексиялоо аракеттерине каршы туруу жана ага каршы иштөөнү улантабыз жана Палестина мамлекетинин ишке ашуусу үчүн аракет кылабыз. Бул аймактык тынчтык үчүн абдан маанилүү",- деди.
Израиль коңшуларынын алсыз жактарын пайдаланып жатат
Министр Израилдин экспансионисттик саясатына аймактык өлкөлөр жана дүйнөлүк коомчулук тарабынан көңүл бурулуп, тиешелүү чараларды көрүүгө чакырды.
"Бул өтө маанилүү. Бул Израиль үчүн да, аймак өлкөлөрү үчүн да жакшы эмес. Тилекке каршы, Израиль коопсуздугун аймактагы өзүнө жакын өлкөлөрдүн саясий жана экономикалык алсыздыгынан жана технологиялык жактан артта калгандыгынан алат.
Мисалы, Ливанды оккупациялоосу, Сирияда болушу, Иранга кол салуулары, Йемендеги жарандык аймактарды тынымсыз бутага алуусу, инфраструктураны системалуу түрдө жок кылуусу жана жакында Катарга жасалган чабуулу”.- деди Фидан.
Фидан Израилдин Дохадагы Хамастын жетекчилигине акыркы кол салуусу "арачылык аракеттери уланып жатканда көп нерсени өзгөрткөндүгүн" айтты.
Фидан Израилдин Газадагы геноциди, Россия - Украина согушу жана башка кагылышууларды эл аралык актерлордун чече албаганына көңүл буруп, азыркы системанын «жооп берүүдөн көп кризис жаратканын» белгиледи.
Фидан блоктордун, альянстардын жана глобалдык органдардын, өзгөчө ЕБ жана БУУнун глобалдык көйгөйлөрдү чечүүдө жалпысынан жетишсиз экенин билдирди. «Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) түзүмү, өзгөчө Коопсуздук Кеңеши бул көйгөйлөрдү чечүүдөн алыс көрүнөт»,- деген Фидан, БУУ менен БУУнун Коопсуздук Кеңешинин (БУУ Коопсуздук Кеңешинин) реформаланышы керектигин айтып, камтуучу жана катышуучу чечим кабыл алуу механизмин ишке ашырууга чакырды.
Израиль 2023-жылдын октябрь айынан бери Газада геноцид жүргүзүүдө. Палестиналыктардын айтымында, 65 200дөн ашуун адам өлтүрүлдү, алардын көбү аялдар жана балдар. Палестинанын расмий WAFA маалымат агенттигинин билдиришинче, талкаланган үйлөрдүн урандыларынын астында болжол менен 11 000 палестиналыктын бар экендиги болжолдонууда. Бирок эксперттердин баамында, чыныгы жоготуулардын саны Газа бийликтери билдиргенден кыйла көп болуп, 200 000ге жакын болушу мүмкүн.










