ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Германиянын канцлери Мерц Украинага барды
Германиянын канцлери Фридрих Мерц Орусиянын чабуулдарына кабылган Украинага тилектештик көрсөтүү үчүн Киевге барды.
Германиянын канцлери Мерц Украинага барды
Германиянын канцлери Фридрих Мерц Киевде
 

Атайын поезд менен Киевге барган Мерцти экономика жана энергетика министри Катерина Райх менен коргонуу жана энергетика тармактарынан 10 ишкер коштоп жүрдү.

Киевдеги билдирүүсүндө Мерц: "Эгерде Орусия токтотулбаса, согуш машинасы эртеби-кечпи бизге багыт алат", - деди.

Украинанын алдыдагы жумаларда Германиянын бардык колдоосуна муктаж экенин айткан Мерц кыш жакындап келе жаткандыктан өлкөнү колдой берерин баса белгиледи.

Мерц Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугушуу учурунда Германиянын колдоосун улантары жөнүндөгү билдирүүнү жеткирерин айтты.

Фридрих Мерцтин сапары учурунда Украина үчүн жаңы аскердик жана каржылык колдоо пакети жарыяланат, коргоо өнөр жайындагы кызматташтык күчтөндүрүлөт жана энергетикалык инфраструктураны реконструкциялоо талкууланат деп күтүлүүдө.

Учкучсуз учуучу аппараттарды биргелешип өндүрүү боюнча келишимдердин да даяр болору күтүлүүдө

Немис маалымат каражаттарындагы кабарларга караганда, Мерц Украинага кыска убакыттын ичинде миңдеген кармоочу дрондорду жеткирүүгө, айрыкча жакында Орусия тарабынан колдонулган жогорку ылдамдыктагы чабуулчу дрондорго каршы күрөшүүгө милдеттенет.

Мерцтин сапары учурунда Германия менен Украинанын ортосундагы учкучсуз учуучу аппараттарды (УУА) биргелешип өндүрүү боюнча келишимдерге да кол коюлат деп күтүлүүдө.

Фридрих Мерц 2025-жылдын май айында, премьер-министрлик кызматка киришкенден бир нече күн өткөндөн кийин Франциянын президенти Эммануэль Макрон, ошол кездеги Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер жана Польшанын премьер-министри Дональд Туск менен Киевге барган.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги чет элдик конокторду жана дипломаттарды шаарда калбоого чакырган.

Москва администрациясы аларга аскердик жайлардан жана өкмөттүк имараттардан алыс болууну эскерткен.

Иликте
Греция Израиль менен 1 миллиард евролук жаңы курал-жарак келишимин даярдап жатат
Ливиянын жээгинде Орусиянын деңиз флотуна таандык корвет жана орус жүк ташуучу кемеси бутага алынды
Трамп Иранга чабуулдар жаңы жылдан кийин кайра башталышы мүмкүн деп эскертти
Берлиндеги ооруканада чыккан өрттөн 15 адам жабыркап, бир адамдын абалы оор
Министр Курум: "Жалпы үйүбүз дүйнө үчүн чечимдерди издөөдөн баш тартпайбыз"
Индонезиядагы өрт апааты: 24 адам каза таап, ондогон адамдан кабар жок
Түрк Кызылайы Газадагы 25 миң адамга азык-түлүк жардамын жөнөттү
Украина: "Орусиянын ар кандай чабуулдарынан 14 жаран каза болду"
Орусия: Германия менен Улуу Британиянын коргоо министрлери «акылынан адашып калышты»
Кытай АКШдан телекоммуникациялык чектөөлөрдү алып салууну суранды
Жаш улуттук дзюдочулар Дүйнө чемпионатынын 3-күнүндө 2 алтын, 3 медаль утушту
Иран Бахрейндеги АКШнын радарларына сокку урганын жарыяласа, Манама жарандык объект экенин билдирди
Баскынчы Израиль Батыш Шериадагы жөөт конуштарында 895 жаңы турак жай куруу планын жарыялады
Министр Фидан: «Йемендин ичине аскерлерди жайгаштыруу боюнча эч кандай чечим кабыл алына элек»
Министр Болат: «Акыркы 6 айда биз ай сайын экспорттун бардык рекорддорун жаңыладык»