ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Парижде "Баарын токтот" акциясы учурунда полиция менен кагылышкан 200гө жакын адам камакка алынды
Францияда президент Эммануэль Макрондун жетекчилигине жана үнөмдөө саясатына каршы жалпы улуттук нааразылык акциялары учурунда өкмөт рекорддук көрсөткүчкө жеткен 80.000 полиция кызматкерин жайгаштырды.
Парижде "Баарын токтот" акциясы учурунда полиция менен кагылышкан 200гө жакын адам камакка алынды
/ AA

Франциянын ички иштер министри Бруно Ретайло шаршемби күнү Парижде башталган жалпы улуттук нааразылык акцияларынын алгачкы этабында 200дөй кишинин камакка алынганын билдирди.

Демонстранттар шаршемби күнү эртең менен Парижде полиция менен кагылышып, таштанды челектери өрттөлдү. Өкмөт "Баарын токтот" урааны астында уюштурулган жалпы улуттук акция күнүнө 80,000 полиция кызматкерин жөнөттү.

Франсуа Байру парламенттеги ишеним добушу менен премьер-министрликтен алынып, анын ордуна шейшемби күнү Себастьян Лекорну дайындалгандан эки күн өткөндөн кийин миңдеген демонстранттар онлайн режиминдеги чакырыктарга жооп беришти.

Жай мезгилинде социалдык тармактарда жана шифрленген чаттарда күч алган "Bloquons Tout" (Баарын токтот) кыймылы блокадалар, иш таштоолор, демонстрациялар жана башка нааразылык иш-аракеттерин өткөрүүгө чакырды. Кыймылдын негизги буталарынын бири болгон президент Эммануэль Макрондун 12 айдын ичинде төртүнчү премьер-министрин дайындаган мезгилде бул чакырык көңүлдөрдү бурду.

Жетекчиси так аныкталбаган бул кыймылдын талаптары ар түрдүү. Алардын көбү Байру кызматтан кетээр алдында сунуштаган бюджетти үнөмдөө пландарына каршы багытталган. Ошондой эле, кыймыл теңсиздикке байланыштуу кеңири нааразычылыктарды камтыйт.

Шаршемби күнү иш таштоолорго, бойкотторго, блокадаларга жана башка нааразылык иш-аракеттерине чакырыктар интернетте жайылып, зомбулуктан алыс болууга үндөгөн билдирүүлөр менен коштолду.

"Баарын токтот" кыймылынын түзүлүшү Макрондун биринчи президенттик мөөнөтүндө өлкөгө таасир эткен "Сары жилетчелердин" нааразылык акцияларын эске салат. Күйүүчү майга болгон салыктын көбөйүшүнө каршы жумушчулардын кесилиштерге чатыр тигиши менен башталган нааразылык акциялары экономикалык адилетсиздик жана Макрондун жетекчилигине кыжырдануу менен курчалган ар кандай саясий көз караштардан, аймактардан, социалдык катмарлардан жана муундардан адамдардын катышуусунда тездик менен күчөдү.

Иликте
Бен-Гвир мыйзамсыз отурукташкандарга санкциялардан кийин Евробиримдикти сындады
Хантавирус пандемиясынын чордонундагы круиздик кеме эвакуациядан кийин Нидерландияга бет алды
Азия Иран согушунан улам экинчи энергетикалык кризиске даярданууда
ЕБ Сирия менен толук кандуу кызматташууну калыбына келтирди
Геосаясий окуялар Түркия-ЕБ мамилелеринин маанисин дагы бир жолу көрсөтүүдө
Евробиримдик көптөн бери токтоп турган санкцияларды бекитиши мүмкүн
Эвакуациялык каттам учурунда француз жүргүнчүсүнөн хантавирустун белгилери байкалды
Тышкы иштер министрлиги: Пакистандагы террордук кол салууну кескин айыптайбыз
Ички иштер министри Чифтчи Түркия-Монголия жыйынына катышат
Хантавирус жайылган круиздик кемедеги АКШнын жаранынын тести оң натыйжа берди
Кытай Японияны Индия-Тынч океан стратегиясын колдогондугу үчүн айыптады
Путин: "Орус аскерлери НАТО куралдандырган жана колдогон агрессивдүү күч менен бетме  - бет"
Президент Эрдоган Бириккен Араб Эмирликтеринин Ппезиденти Аль Нахаян менен  телефон аркылуу сүйлөштү
Эрдоган: Түркия орун албаган Европа архитектурасы кемтик болот
Израиль Газада ок атышпоо эрежесин бузуп тогуз палестиналык жаракат алды