Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган, Дональд Трамптын блокададагы Газада ок атышпоону камсыз кылуу аракетин кубаттады.
Эрдоган: «Газадагы кан төгүүнү токтотуу жана ок атышпоону камсыз кылуу үчүн АКШнын президенти Трамптын көрсөткөн аракеттерин жана лидерлигин жогору баалайм. Бардык тараптар кабыл ала турган адилеттүү жана туруктуу тынчтыктын түзүлүүсү үчүн Түркия катары биз да процесске салым кошууну улантабыз»,-деди.
Бул билдирүүлөр, Трамп Вашингтондо Биньямин Нетаньяху менен өткөргөн маалымат жыйынында Газадагы ок атышууну токтотуу планынын негизги пункттарын жарыялагандан кийин жасалды.
Сунушка Израилдик туткундарды бошотуу жана ХАМАСты куралсыздандыруу кирет.
Трамп маалымат жыйынында Биньямин Нетаньяху “Палестина мамлекетине каршы экенин ачык айтты жана мен муну түшүнөм” деп билдирди.
Израиль блокададагы Газада 66 миңден ашуун палестиналыкты набыт кылды, алардын көбү аялдар жана балдар.
Газанын көп бөлүгүн кыйроого учураткан Израиль, аймактагы дээрлик бардык калкты жер которууга аргасыз кылды.














