ТҮРКИЯ
1 мүнөт окуу
Эмине Эрдоган: Түркия тынчтыктын жана адилеттиктин жолу үй-бүлөдөн өтөрүнө ишенет
Эмине Эрдоган: "Үй-бүлө коомдун негизги элементи гана эмес, туруктуу социалдык, экономикалык жана маданий өнүгүүнүн негизги фактору болуп саналат", - деди.
Эмине Эрдоган: Түркия тынчтыктын жана адилеттиктин жолу үй-бүлөдөн өтөрүнө ишенет
/ AA

Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдогандын жубайы Эмине Эрдоган: «Түркия тынчтыкка, адилеттикке жана жалпы жыргалчылыкка кеткен жол үй-бүлөдөн өтөрүнө ишенет»,-деди.

Дүйшөмбү күнү Түркиянын NSosyal социалдык медиа платформасынан билдирүү жасаган Эрдоган үй-бүлө коомдун негизги бирдиги гана эмес, туруктуу социалдык, экономикалык жана маданий өнүгүүнүн да негизги элементи экенин белгиледи. Эрдоган бул жумада Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын иш-чараларынын алкагында Үй-бүлө жана социалдык кызматтар министрлиги тарабынан уюштурулган "Биргеликте үй-бүлөгө негизделген глобалдык тилектештик" программасына катышуудан кубанычтуу экендигин билдирди.

Программа учурунда үй-бүлөнү коргоо жана бекемдөө боюнча "жалпы иш багыттарды" талкуулашкандарын билдирди.

Үй-бүлөнүн баалуулуктарын ташуучу балдарыбыз үчүн эң коопсуз баш калкалоочу жана адамзаттын келечеги экенин баса белгилеген Эрдоган, кризистердин, кагылышуулардын жана кырсыктардын көлөкөсүндө «бизге жол көрсөткөн чындыктын – ынтымактыктын үй-бүлөдөн башталарын" белгиледи.

«Үй-бүлөнү канчалык коргосок, ошончолук адилеттүү, тынч жана бакубат дүйнө кура алабыз», - деп кошумчалады Эрдоган.

Ошондой эле бул багытта айтылган ар бир пикир жана сунуш үй-бүлө институтун коргоо боюнча глобалдуу аракеттерге дем берерине болгон ишенимин билдирди.

Иликте
Коммуникация башкармалыгынын башчысы Дуран Азербайжанды куттуктады
АКШ Ормуз кысыгы аркылуу өтүү акысы үчүн санкция салды
Ирандын революция сакчылары Кувейттеги АКШнын аба базасын бутага алганын билдирди
Келерки жумалар Украинанын Европа Биримдигине мүчөлүк процесси үчүн абдан маанилүү
1,7 миллионго жакын мусулман ажылыкка барды
Хамас Кассам бригадасынын командири Авденин Израилдин чабуулунан каза болгонун ырастады
Израиль армиясы Газага кол салууда Хамастын аскердик лидерин өлтүргөнүн билдирди
БУУ Европадагы ысык аба ырайын климаттык кризистин "аёосуз эскертүүсү" деп мүнөздөдү
ДССУ:Испанияда жаңы учур катталып,круиздик кемедеги хантавирус жуктуруп алгандардын саны 13кө жетти
АКШнын аскерлери Ирандын түштүгүндөгү деңиз жана ракеталык буталарга сокку урду
Израилдин президенти Герцог Израиль коомун «желмогуз» деп мүнөздөдү
Орусия чет элдиктерди жана дипломаттарды Киевден чыгып кетүүгө чакырды
Британиянын коргоо министринин учагы Орусиянын чек арасына жакын жерде сигналдын бузулушуна кабылды
Түркиянын Тышкы иштер министрлиги "25-май Африка күнүнө" карата куттуктоо жарыялады
Израиль армиясы Батыш Шериада дүкөндөрдү жаптырды