Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган Нью-Йоркто өткөн Бириккен Улуттар Уюмунун 80-Башкы ассамблеясына жана Вашингтондо АКШнын президенти Дональд Трамп менен болгон жолугушууларга катышкан сапарын жыйынтыктады. Эрдоган сапарды Түркиянын дипломатиясы үчүн “конструктивдүү, түшүмдүүү жана тарыхый” деп мүнөздөдү.
Эрдоган БУУнун Башкы ассамблеясынын быйылкы сессиясында Газадагы абалга өзгөчө көңүл бурулганын баса белгиледи. «Быйылкы Башкы ассамблея өзгөчө Газадагы геноцид жана жалпы эле Палестина маселеси менен өзгөчөлөндү»,-деген Эрдоган Британия, Франция жана башка он батыш өлкөсүнүн Палестинаны тааныганын белгиледи.
Эрдоган : «Өзгөчө Коопсуздук Кеңешине мүчө бул эки өлкөнүн таануу чечимдери тарыхый мүнөздө. Ушундайча Палестинаны тааныган өлкөлөрдүн саны 150дөн ашты. Эки мамлекеттүү чечимге колдоо көрсөтүүнүн саны дагы, сапаты дагы чоңоюсу чоң мааниге ээ. Бирок бул колдоонун жеринде чагылдырылышы үчүн эл аралык коомчулуктун чечкиндүү чара көрүшүнө муктаждык бар",- деди.
Эрдоган Израилдин “чектен чыккан кадамдары жана басып алуу саясаты” мындай аракеттерди токтотууга багытталганын айтып, Газа маселесин БУУнун Башкы ассамблеясында, Трамп менен биргелешкен жолугушууда жана Франция менен Сауд Арабиясы теңтөрагалык кылган жогорку деңгээлдеги конференцияда көтөргөнүн кошумчалап:“Биз бул багыттагы аракеттерибизди улантабыз,” – деди.
Түркиянын президенти ошондой эле Кипр маселеси, Сирия жана Россия-Украина согушу боюнча Түркиянын позицияларын белгилеп, Кара деңиз дан келишими жана туткундарды алмашуу сыяктуу гуманитардык жана ортомчулук демилгелерин баса белгиледи.
Эки тараптуу соода максаты – $100 миллиард
Эрдоган эки тараптуу күн тартибине кайрадан токтолуп, Трамп менен болгон жолугушуусунда соода, коргонуу жаатындагы кызматташтык жана аймактык коопсуздук маселелерин талкуулаганын билдирди. Эки лидер 100 миллиард долларлык эки тараптуу соода максатын кайрадан ырасташып, бажы төлөмдөрү жана сооданы жеңилдетүүчү башка чаралардын талкууланганын белгиледи.
Коргонуу кызматташтыгы темасынын да “конструктивдүү көз караш” менен каралганын кошумчалады. Эрдоган жолугушуунун негизги темаларынын бири Газа маселеси болгонун жана эки тараптын тең кан төгүүнү токтотуп, туруктуу тынчтыкка жетүү максатын бөлүшкөнүн баса белгиледи.
"Ак үйдө бизди абдан жакшы тосуп алышты. Жакшы атмосферада конструктивдүү жана түшүмдүү болду. Трамп мырза да ачык сүйлөгөндү, ойлорун жашырбай айтканды жакшы көргөн саясатчы. Абдан жакшы жолугушуу болду. Бул абал Түрк - Америка карым - катнаштарына оң таасирин тийгизет”,- деди.
Газадагы кырдаал боюнча Эрдоган гуманитардык кырдаалды Трампка түздөн-түз жеткиргенин айтты. “Биз алгач ок атышууну токтотуу, андан кийин туруктуу тынчтыкка жетүү жолдорун талкууладык. Ой-пикирлердин жакындыгы байкалды.”
Эрдоган Газа тууралуу Трампка гуманитардык кырсыкты түздөн-түз жеткиргенин айтып, “Биз дагы Газада жана Палестинанын бардык аймагында адегенде ок атышууну токтотууга, андан кийин туруктуу тынчтыкка кантип жетүүгө болорун айтып бердик. Ал жерде түшүнүшүү пайда болду”, - деди.
Сириянын аймактык бүтүндүгү
Эрдоган аймактык маселелерге да токтолуп, Сириянын аймактык бүтүндүгүн колдой турганын жана Израилдин Жакынкы Чыгыштагы, өзгөчө Сирия, Ливан жана Йемендеги кол салууларына тынчсыздануусун билдирди. Нью-Йоркто Сириянын президенти Ахмед Шараа менен жолукканын тастыктаган Эрдоган, Түркия Сирияны кайра курууда кызматташууга даяр экенин жана "террордук уюмдардын Сириянын келечегинде орду болбошу керектигин" баса белгиледи.
Эрдоган ошондой эле Түркиянын Египет менен өнүктүрүп жаткан мамилелерине токтолуп, Чыгыш Жер Ортолук деңизинде 13 жылдан кийин өткөрүлгөн биргелешкен деңиз машыгуусун баса белгиледи. Египет жана Ливия менен кызматташтык кеңейип жатканын белгилеген Эрдоган, Түркиянын өз укуктарын коргоо чечкиндүүлүгүн баса белгилеп, Жер Ортолук деңизиндеги ресурстар боюнча келишимдерин издөөдө чечкиндүү экенин баса белгиледи.
Кипр маселесине байланыштуу «Федерация маселеси эми биз үчүн жабык» деген Эрдоган, бир гана реалдуу чечимдин эки башка мамлекеттин бар экенин кабыл алуу экенин кайталады. Түндүк Кипр Түрк Республикасында боло турган шайлоо Анкаранын позициясын өзгөртпөй турганын белгиледи.
Эрдоган тышкы коркунучтарга каршы улуттук биримдиктин маанисин баса белгилеп "ички фронтту чыңдоо" маселесин эске салды. Түркиянын коргонуу, технология жана экономика тармактарындагы ийгиликтерин улантуу менен, "Терроризмсиз Түркия" максатына багытталган келечекти курууга чечкиндүү экенин айтты.
Эрдоган сөздөрүн :“Түркиянын тышкы саясаты тынчтыкка багытталган. Биз адилеттүү тынчтыктын уттурган тараптары жок экенин билебиз. Кан төгүү токтотулганга чейин Түркия өз күрөшүн улантат,” – деп жыйынтыктады.














