ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Депутаттарга берилген артыкчылыктардан улам баш аламан болгон Индонезияда абал тынчтанды
Жалпы өлкөдө болгон баш аламандыктан кийин студенттик топтор каза болгондор, жаралангандар жана массалык камакка алуулар тууралуу жетекчилерден жооп талап кылууда.
Депутаттарга берилген артыкчылыктардан улам баш аламан болгон Индонезияда абал тынчтанды
/ AA

Индонезиянын борбор шаары Жакартада жалпы өлкөдө бир жумадан ашык убакыттан бери болуп жаткан жана айрымдары зомбулук камтыган нааразычылык акцияларынан кийин жума күнү көчөлөр тынчтанды. Ошол эле учурда өлкөдө Мухаммед пайгамбардын туулган күнү да белгиленди.

Студенттер, жумушчулар жана укук коргоочулар башкарган баш аламандык депутаттардын турак жай жөлөк пулуна болгон нааразычылыктан улам күчөгөн, бирок Жакартадагы митинг учурунда полиция унаасынын бир мотоцикл такси айдоочусунөлүмгө дуушар кылгандан кийин күч алды.

Митингдер ылдамдык менен башка аймактарга да жайылды.

Депутаттардын артыкчылыктары жана полициянын тактикасы

Бейшемби күнү студенттик топтор парламенттин мүчөлөрүнө берилген артыкчылыктар жана полициянын митингчилерге каршы колдонгон ыкмалары боюнча нааразычылыктарын билдирүү үчүн министрлер менен жолугушту. Апта башында бул топ парламенттин мүчөлөрү менен да жолугушууларды өткөрдү, бирок президент Прабово Субианто менен жолугушууну уюштуруу аракетинен майнап чыккан жок.

Укук коргоочулар митингчилердин көп чыгымга учураганын айтышууда.

Адам укуктарын байкоо уюму коопсуздук күчтөрү менен болгон кагылышуулар жана башка башаламандыктарда кеминде 10 адам өлүп, 1000ден ашууну жарадар болгонун билдирди.

Бийликтер өлкө боюнча 3000ден ашуун адамды камакка алды, укук коргоочу уюм муну кеңири куугунтук катары сыпаттады.

Өкмөт талаштуу турак жайга берилүүчү жөлөк пулду же коопсуздук күчтөрүнүн жүрүм-турумун кайра карап чыгабы, жокпу, азырынча жарыялай элек, бул майрам аяктагандан кийин тынчтык сакталабы деген суроолорду жаратууда.

Иликте
Бельгиянын Коргоо министри Франкен: "Түрк коргоо өнөр жайы мен үчүн үлгү болуп саналат"
Түрк коргонуу компаниялары SAHA 2026да 8 миллиард долларга жакын экспорттук келишим түздү
Иран Ормуз кысыгындагы аралда болгон жардыруулардан кийин АКШнын деңиз флотуна ракета атты
АКШнын саламаттыкты сактоо агенттиги хантавирусту "3-деңгээлдеги" өзгөчө абал деп жарыялады
Индонезия жанар тоо атылгандан кийин куткаруу операциясын баштады
ДСCУ хантавирус оорусунун учурлары көбөйгөнүн эскертти жана эпидемиянын чектелүү болорун билдирди
Эрдоган: Израилдин экспансионисттик күн тартиби аймактык тынчтыкка коркунуч келтирүүдө
Өлкөлөр хантавирус эпидемиясынан жабыркаган круиздик кемеден түшкөн жүргүнчүлөрдү издеп жатышат
Түркия Эл аралык транспорт форумунун 2027-жылдагы төрагалыгына шайланды
Түрк коргонуу фирмасы учкучсуз учуучу аппараттарына каршы оор пулемётун экспорттой баштады
Медведев Берлинди "реваншизм" жана тарыхты кайра жазуу боюнча айыптады
Испания Израилдин ишенимдүү өкүлүн Тышкы иштер министрлигине чакырды
Түркия Иран менен АКШнын ортосунда туруктуу тынчтык үчүн "конструктивдүү" диалогду талап кылууда
Дүйнөлүк кубокко саналуу күндөр калды
Энергетикадагы жеткирүү коркунучтарына каршы Түркиянын кепилдиги ГЭСтер