ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Япониянын батышында 6,2 баллдык жер титирөө болду, бирок цунами эскертүүсү берилген жок
Япониянын метеорология агенттигинин маалыматы боюнча, жер титирөө Шимане префектурасынын чыгыш бөлүгүндө, болжол менен 10 километр тереңдикте болгон.
Япониянын батышында 6,2 баллдык жер титирөө болду, бирок цунами эскертүүсү берилген жок
Төмөн магнитудадагы кайталама жер титирөөлөр да катталды. / AP

Япониянын метеорологиялык агенттиги өлкөнүн батышында күчү 6.2 баллга жеткен катуу жер титирөө болгонун, бирок цунами тууралуу эскертүү жарыяланбаганын кабарлады.

Жер титирөө шейшемби күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 10:18де (GMT 01:18) Симанэ префектурасынын чыгыш бөлүгүндө, болжол менен 10 километр тереңдикте болду.

Азырынча жабыркагандар тууралуу маалымат жок.

Kyodo маалымат агенттигинин бидиргенине караганда, андан кийин болгон күчү аз жер титирөөлөр да катталды.

Chugoku Electric Power Co компаниясынын маалыматы боюнча, алгачкы жер титирөөдөн кийин Мацуэдеги Шимане атомдук электр станциясында эч кандай аномалиялар аныкталган эмес.

Бийлик өкүлдөрү электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашынан улам Япониянын батышындагы жогорку ылдамдыктагы поезддердин каттамын токтотту, ошондой эле "Sanyo Shinkansen" линиясынын Окаяма жана Хиросима станцияларынын ортосундагы каттамдар да убактылуу токтотулду.

Иликте
Ирандын революция сакчылары Кувейттеги АКШнын аба базасын бутага алганын билдирди
Келерки жумалар Украинанын Европа Биримдигине мүчөлүк процесси үчүн абдан маанилүү
1,7 миллионго жакын мусулман ажылыкка барды
Хамас Кассам бригадасынын командири Авденин Израилдин чабуулунан каза болгонун ырастады
Израиль армиясы Газага кол салууда Хамастын аскердик лидерин өлтүргөнүн билдирди
БУУ Европадагы ысык аба ырайын климаттык кризистин "аёосуз эскертүүсү" деп мүнөздөдү
ДССУ:Испанияда жаңы учур катталып,круиздик кемедеги хантавирус жуктуруп алгандардын саны 13кө жетти
АКШнын аскерлери Ирандын түштүгүндөгү деңиз жана ракеталык буталарга сокку урду
Израилдин президенти Герцог Израиль коомун «желмогуз» деп мүнөздөдү
Орусия чет элдиктерди жана дипломаттарды Киевден чыгып кетүүгө чакырды
Британиянын коргоо министринин учагы Орусиянын чек арасына жакын жерде сигналдын бузулушуна кабылды
Түркиянын Тышкы иштер министрлиги "25-май Африка күнүнө" карата куттуктоо жарыялады
Израиль армиясы Батыш Шериада дүкөндөрдү жаптырды
Конго Демократиялык Республикасында Эбола вирусун жуктуруп алгандардын саны 100дөн ашты
Түркия жана 14 өлкө Сомалиленддин Кудста элчилик ачуу кадамын айыпташты