ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Трамп Батыш Шерианын аннексияланышына бөгөт коюуну убада кылды
Мусулман лидерлер Газадагы согуш улана берсе аймактык туруксуздукка алып келерин эскертип, Трамптан ок атышууну дароо токтотуу, жардам жеткирүү жана Палестина мамлекети үчүн жол картасы колдоосун талап кылышты.
Трамп Батыш Шерианын аннексияланышына бөгөт коюуну убада кылды
Мусулман лидерлери качкындардын кайтып келишине жана гуманитардык жардамдын тоскоолдуксуз өтүшүнө шарт түзө турган ок атышпоону талап кылышууда. / Reuters

Politico гезитинин бул темадан кабары бар алты кишиге таянып жазганына караганда, АКШ президенти Дональд Трамп мусулман лидерлерин Израилдин басып алуусундагы Батыш Шерианы аннексиялоого жол бербейм деп ишендирди.

Трамп бул убадасын Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын алкагында өткөн жабык эшик артындагы саммитте билдирди. Саммитте араб жана мусулман лидерлери Вашингтонду Израилдин Газадагы согушун токтотууга артыкчылык берүүгө чакырышты.

Politico маалыматына ылайык, Трамптын командасы согушту токтотуу боюнча администрациясынын планын, анын ичинде аннекцияга каршы милдеттенмени камтыган документти да тараткан.

Катардын эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Тани тарабынан уюштурулган саммитке Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган, Иорданиянын падышасы Абдулла II, Индонезиянын президенти Прабово Субианто, Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф, Египеттин премьер-министри Мустафа Мадбули, БАЭнин тышкы иштер министри Шейх Абдулла бин Заид Аль Нахаян жана Сауд Арабиянын тышкы иштер министри ханзаада Файсал бин Фархан катышты.

‘Адилеттүү жана туруктуу тынчтыкты орнотуу’

Рияд тарабынан жарыяланган биргелешкен билдирүүдө лидерлер Газадагы согушту токтотуу “адилеттүү жана туруктуу тынчтыкка жетүүнүн биринчи кадамы” экенин белгилеп “чыдагыс гуманитардык кырдаал” жана жай тургундардын оор жоготуулары тууралуу эскертишти.

Газадагы саламаттыкты сактоо органдары 2023-жылдын октябрынан бери 65,000ден ашуун палестиналык каза болгонун билдиришти.

Палестиналыктардын мажбурлап көчүрүлүшүн четке каккан лидерлер, жер которгон тургундардын кайтып келишин жана гуманитардык жардамдын тоскоолдуксуз жетүүсүн камсыздай турган чукул ок атышпоону талап кылышты.

Ошондой эле алар Батыш Шериа жана Кудстагы ыйык жерлерди камтыган туруктуу жол картасын түзүү, Палестина башкаруучулугунда реформаларды жүргүзүү, Газаны араб өлкөлөрү менен ИКУнун колдоосу астында комплекстүү реконструкциялоо планын түзүүгө чакырышты.

БУУнун иликтөөчүлөрү жакында Израиль Газада геноцид жасоодо деген жыйынтыкка келишкен. Бул аймакта көп жылдык бомбалоодон кийин ачарчылык жана кыйроо өкүм сүрүүдө.

Иликте
Бен-Гвир мыйзамсыз отурукташкандарга санкциялардан кийин Евробиримдикти сындады
Хантавирус пандемиясынын чордонундагы круиздик кеме эвакуациядан кийин Нидерландияга бет алды
Азия Иран согушунан улам экинчи энергетикалык кризиске даярданууда
ЕБ Сирия менен толук кандуу кызматташууну калыбына келтирди
Геосаясий окуялар Түркия-ЕБ мамилелеринин маанисин дагы бир жолу көрсөтүүдө
Евробиримдик көптөн бери токтоп турган санкцияларды бекитиши мүмкүн
Эвакуациялык каттам учурунда француз жүргүнчүсүнөн хантавирустун белгилери байкалды
Тышкы иштер министрлиги: Пакистандагы террордук кол салууну кескин айыптайбыз
Ички иштер министри Чифтчи Түркия-Монголия жыйынына катышат
Хантавирус жайылган круиздик кемедеги АКШнын жаранынын тести оң натыйжа берди
Кытай Японияны Индия-Тынч океан стратегиясын колдогондугу үчүн айыптады
Путин: "Орус аскерлери НАТО куралдандырган жана колдогон агрессивдүү күч менен бетме  - бет"
Президент Эрдоган Бириккен Араб Эмирликтеринин Ппезиденти Аль Нахаян менен  телефон аркылуу сүйлөштү
Эрдоган: Түркия орун албаган Европа архитектурасы кемтик болот
Израиль Газада ок атышпоо эрежесин бузуп тогуз палестиналык жаракат алды