Европа Биримдигинин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү шейшемби күнү билдирүү жасап, Россияны Украинадагы согушту токтотууга жана сүйлөшүү үстөлүнө кайтууга чакырып, Батыштын Киевге коопсуздук кепилдиктерин берүү боюнча бириккенин баса белгиледи.
Кая Каллас Европа парламентинин жайкы эс алуудан кийинки биринчи жалпы жыйынында сөз сүйлөп, Россиянын президенти Владимир Путиндин "тынчтыкка эч кандай кызыкпагандыгын жана аны мажбурлашпаса, согушту токтотпой турганын" билдирди.
Каллас Европа Биримдиги жана ага мүчө мамлекеттердин 2022-жылы согуш башталгандан бери Украинага болжол менен 169 миллиард евро каржылык колдоо көрсөткөнүн, анын 63 миллиард евросунун аскердик жардам экендигин белгиледи.
Ал Европа Биримдиги жана анын мүчө мамлекеттери 2022-жылы согуш башталгандан бери Украинага 169 миллиард еврого жакын каржылык жардам көрсөткөнүн, анын ичинде 63 миллиард евродон ашык аскердик жардам берилгенин белгилеп : “Бул жылы бир гана мүчө өлкөлөр мурдагыдан дагы көп, 25 миллиард евро жардам берет. Бүгүнкү күнгө чейин 2 миллион ок-дары максатыбыздын 80 пайызы жеткирилди. Октябрь айына чейин 100 пайызга жетүүнү көздөп жатабыз,” - деди.
Каллас батыштык союздаштарынын коопсуздук боюнча узак мөөнөттүү милдеттенмелери боюнча биригүүсүнө басым жасап: "Батыш Украинага коопсуздук кепилдигин берүү боюнча бирдиктүү. Учурда Каалоочулар Коалициясынын олуттуу милдеттенмелери үстөлдө турат",- деди.
Каллас 4-сентябрда, коалициянын Парижде жолуккандан бир күндөн кийин Путин Батыштын ал жерде болушуна карата кол салуулар менен коркуткандыгын эске салып : “Бул чыңалуунун Россия тарабынан олуттуу күчөтүлүшү деген мааниге келүүдө жана түдөн - түз Европанын коопсуздугун бузууда” - деп эскертип : “Россияга билдирүүбүз согуш аянтынан чыгып Украина менен сүйлөшүү столуна отургула”,- деди.
Украинанын Европа Биримдигине токтолгон Каллас биримдикти кошулуу сүйлөшүүлөрүн илгерилетүүгө чакырып :“Украина согушка карабастан реформалар боюнча маанилүү прогресске жетишти. Эми сүйлөшүүлөрдүн биринчи фазасын баштоонун убагы келди",- деди.
Финляндия аймактык концессияларды четке кагууда
Финляндия шейшемби күнү Украинадагы дипломатиялык чечүүчү жолдун бир бөлүгү катары Россияга кандайдыр бир аймактык жеңилдиктерди берүүдөн баш тартып, мындай аракеттердин тынчтыкты алып келбей тургандыгын, тескерисинче Россиянын аймактагы "агрессиясын" ого бетер күчөтөрүн билдирди.
Финляндиянын тышкы иштер министри Элина Валтонен Берлинде өткөн жылдык элчилер конференциясында сүйлөгөн сөзүндө, Россиянын Украинага жасаган акыркы абадан соккулары – согуш башталгандан берки эң катуу соккулардын бири – Россиянын ок атышууну токтотууга да, атүгүл сүйлөшүүлөргө да даяр эместигин ачык көрсөтүп турганын билдирди.
"Эгерде сүйлөшүүлөрдө Украинанын аймактарынын бир бөлүгү же эгемендүүлүгүнүн элементтери курмандыкка чалынса, биз негизги маселени чечпейбиз, тескерисинче, Россиянын агрессиясын күчөтүшүбүз мүмкүн", - деп эскерткен Валтонен: "Россиянын президенти Путин шайлоолорго таасир этүү, аба кыймылы үчүн GPS системаларын бузуу жана Балтика деңизинин аймагында көмүскө флот жайгаштыруу аркылуу Европа боюнча гибриддик согуш жүргүзүп жатат. Путин менен болгон көйгөй Украинанын зыян тартышы аркылуу чечилбейт", - деди.
Валтонен Батыш өлкөлөрүнүн Украинага күчтүү колдоосун улантуусун, Россиянын амбицияларын стратегиялык жактан чектөөнү жана Москвага катуу соода жана экономикалык санкцияларды киргизип, Европа Биримдигинин ички рыногуна жасаган бардык экспортуна тарифтерди колдонушу керектигин белгиледи.













