ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Азербайжан CNNдин өз аймагынан Израиль операциялары жүргүзүлгөнү тууралуу кабарларын төгүндөдү
Баку бул айыптоолорду жалган маалымат катары четке кагып, Азербайжандын тынчтыкка, аймактык туруктуулукка жана жакшы коңшулук мамилелерге берилгендигин улантарын билдирди.
Азербайжан CNNдин өз аймагынан Израиль операциялары жүргүзүлгөнү тууралуу кабарларын төгүндөдү
«Азербайжан өз аймагынын мындай максаттарда колдонулушуна эч качан жол берген эмес жана эч качан жол бербейт», — деп кошумчалады. / AA

Азербайжан CNN телеканалынын өз аймагы Иранга каршы аскердик жана чалгындоо операциялары үчүн колдонулуп жатканы жана акыркы кагылышуу учурунда өлкөдө Израиль күчтөрүнүн жайгаштырылганы тууралуу билдирүүсүн четке какты.

Жума күнү жарыяланган билдирүүдө Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги айтылгандарды "толугу менен негизсиз" деп, CNNден билдирүүнү кайра алууну талап кылды.

Министрлик бул сыяктуу дооматтарды бир нече жолу четке кагып, жарыялангандан мурун CNNге өз позициясын билдиргенин белгиледи.

Аталган кабарды ишеничтүү далили жок, анонимдүү булактарга таянган деп сынга алган министрлик Азербайжандын расмий жообун эске албоо калыстык жана кесипкөй журналистиканын принциптерин буза турганын эскертип : "Азербайжандын аймагы кайсы бир үчүнчү өлкө тарабынан башка бир мамлекетке каршы аскердик операциялар, чалгындоо иш-аракеттери же башка душмандык максаттар үчүн колдонулуп жатат деген дооматтар, буга чейин көп жолу айтылгандай, чындыкка дал келбейт. Азербайжан өз аймагынын мындай максаттарда колдонулушуна эч качан жол берген эмес жана жол бербейт", — деди.

CNN буга чейин Иран менен болгон кагылышуу учурунда Израилдин Жакынкы Чыгышта Тегеранга каршы операцияларды жеңилдетүү үчүн колдонулган жашыруун базаларга караштуу тармагынын бир бөлүгү катары Азербайжанга атайын аскердик жана чалгындоо бөлүктөрүн жайгаштырганын ырастаган кабар жарыялаган.

Маселе боюнча маалыматы төрт булакка шилтеме берген телеканал, Израилдин Ирандын түндүк чек арасына жакын Азербайжандын түштүгүндөгү бир нече калктуу конуштарда иш алып барганын ортого салган.

Кабарган караганда аймакка атайын десанттык бөлүктөрү жайгаштырылган, бул бөлүктөр чалгындоо кабарларын чогултуу жана учкучсуз учуучу аппараттарды (дрон) башкаруу тапшырмаларын аткарышкан. Бул болсо кагылышуу учурунда Израилди Ирандын түндүк аймагын байкоо үчүн маанилүү пункт менен камсыз кылганы айтылат.

Аймактагы чыңалуу Америка Кошмо Штаттары менен Израилдин Иранга жасаган аба соккуларынан кийин күч алган. Бул жагдай өз ара жооп кайтаруу соккуларын жаратып, аймактагы туруксуздуктун күчөшүнө алып келди.

Иран да жооп иретинде Израилге сокку урду. АКШнын аскердик базалары жайгашкан өлкөлөрдү бутага алды жана дүйнөлүк энергия жеткирүүдө маанилүү болгон Ормуз кысыгы аркылуу жүк ташууну үзгүлтүккө учуратты.

Андан кийин ок атышууну токтотуу ишке ашырылганына карабастан, кеңири макулдашууга жетүү үчүн дипломатиялык аракеттер улантылды.

Иликте
15-июлдан кийинки тышкы саясат жана Түркиянын келечек көз карашы
Министр Фидан : "Украинага абдан түшүмдүү сапар ишке ашырдык"
15 -  июлдан кийинки стратегиялык саясаттар
АКШ кечээ түнү Иранга каршы баштаган чабуулдарын токтотконун жарыялады
Иран: "АКШнын Ормуз кысыгына кийлигишүүсүнө жол бербейбиз"
Фидан-Сибига: «Ок атышууну токтотууга даярбыз, лидерлер Түркияда жолугуша алат»
Украинанын президенти Зеленский: "Биз Европа Биримдигине толук мүчө болууга татыктуубуз"
Иран армиясы:"Кувейт жана Бахрейндеги АКШ базалары менен борборлоруна дрондор менен чабуул жасадык"
Тышкы иштер министри Фидан Украинага барат
Коопсуздук боюнча башкармалык 15-июль Демократия жана улуттук биримдик күнүнө карата видео жарыялады
Иранда суу өндүрүүчү жайга кол салуу болду
15-июль түнүндөгү окуялар жана элдин дастанга айланган каршылыгы
Иран армиясынын басма сөз катчысы: "Ормуз кысыгы АКШнын чабуулдары менен ачылбайт"
Деңиз күчтөрүнүн командири Татлыоглу Латакияга барды
Президент Эрдоган Пакистандын коргонуу  жана кургактык күчтөрүнүн командири Мунирди кабыл алды