Бейшемби күнү Куралдуу күчтөрдүн Оперативдүү командачылыгы тарабынан жарыяланган маалыматка ылайык, Польша 10-сентябрда аба мейкиндигинде ишке ашканы айтылган орус дрондорунун эреже бузууларынан кийин Беларусия жана Украина менен болгон чыгыш чек аралары боюнча аба кыймылына чектөө киргизди.
TVP World билдиргендей, Польшанын аба кыймылы агенттиги шаршемби күнү кечинде күчүнө кирген бул чектөөлөрдүн 9-декабрга чейин созуларын жарыялады. Билдирүүдө «Аскердик каттамдардан башка бардык каттамдарга күн баткандан күн чыкканга чейин толугу менен тыюу салынган»,-деп айтылып, жарандык учкучсуз учактардын EP R129 аймагында (Польшада түзүлгөн учууга тыюу салынган аймак) күнү-түнү тыюу салынгандыгы баса белгиленди.
Бул кадам Польшанын НАТО учактарынын жардамы менен шектүү орус дрондорун атып түшүргөндөн кийин жасалды. Бул Россиянын Украинадагы согуш учурунда альянска мүчө бир өлкөнүн биринчи жолу Россияга ок аткнадыгы билинген окуя катары белгиленди.
Россиянын Коргоо министрлиги дрондордун Украинанын батышындагы аскердик объектилерге карата ири масштабдуу сокку урганын, бирок Польша аймагын бутага алуу ниети жок экендигин билдирди.
Күчтөрдүн жайгаштырылышы
12-сентябрда башталган Россия - Белорусиянын «Запад» аскердик машыгууларына жооп катары Польша чыгыш чек арасында 10 000 болгон аскер санын 40 000ге чыгарууну пландап жатат.
Коргоо министринин орун басары Цезары Томчик : «Польша жана НАТО аскерлери «Запад-2025» машыгууларына тийиштүү жооп кайтаруу үчүн керек», – экендигин айтып, бул машыгууларды «чабуулчул мүнөздө» деп мүнөздөдү.
Польшанын талабы боюнча БУУнун Коопсуздук кеңеши анын аба мейкиндигинин бузулушу боюнча чукул жыйын өткөрөт.











