ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Зеленский: "Украина Евробиримдикке кошулушу керек жана кошулат"
Украин президенти Евробиримдикти "кандайдыр бир өлкөнүн” улуттук саясатынан келип чыккан кечиктирүүлөрдөн" алыс болууга чакырды.
Зеленский: "Украина Евробиримдикке кошулушу керек жана кошулат"
Зеленский: "Украина Евробиримдикке кошулушу керек жана кошулат" / Reuters

Дүйшөмбү күнү Варшава Коопсуздук форумунда сөз сүйлөгөн президент Владимир Зеленский “Украинанын Европа Биримдигине кошулушу керектигин жана ушул алкакта бардык зарыл кадамдарды жасап жатканын” билдирди.

«Украина Евробиримдикке кошулушу керек жана кошулат», - деген Зеленский Киевдин өз милдеттенмелерин аткарганын баса белгиледи.

Зеленский "Зарыл болгон нерселердин барын жасап жатабыз жана Украинанын кошулуусу кандайдыр бир өлкөнүн улуттук саясатынан улам кечиктирилбеши маанилүү. Биз Орусияга көз карандылыктан алыс болушубуз керек", - деди.

Украина 2022-жылдын февраль айында Орусия менен согуш башталгандан көп өтпөй Евробиримдикке мүчө болуу үчүн арыз берген. 2023-жылдын декабрында болсо Еврокеңеш Украинанын кошулуусу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо чечимин кабыл алган.

2024-жылдын июнь айында Европа Комиссиясы Украина жана Молдовадагы реформаларга оң баа берип, Брюссель кошулуу сүйлөшүүлөрүнүн алкагын бекиткен.

Бирок Венгрия менен Словакия процесске тоскоол болуп, орус энергетикасы менен камсыздаган «Дружба» мунай кууруна кол салууларды токтотуу сыяктуу шарттарды коюшкан.

Кийинчерээк Литва Будапешттин каршылыктарын жокко чыгара турган өзүнчө сүйлөшүү планын сунуштаган.

Иликте
Коммуникация башкармалыгынын башчысы Дуран Азербайжанды куттуктады
АКШ Ормуз кысыгы аркылуу өтүү акысы үчүн санкция салды
Ирандын революция сакчылары Кувейттеги АКШнын аба базасын бутага алганын билдирди
Келерки жумалар Украинанын Европа Биримдигине мүчөлүк процесси үчүн абдан маанилүү
1,7 миллионго жакын мусулман ажылыкка барды
Хамас Кассам бригадасынын командири Авденин Израилдин чабуулунан каза болгонун ырастады
Израиль армиясы Газага кол салууда Хамастын аскердик лидерин өлтүргөнүн билдирди
БУУ Европадагы ысык аба ырайын климаттык кризистин "аёосуз эскертүүсү" деп мүнөздөдү
ДССУ:Испанияда жаңы учур катталып,круиздик кемедеги хантавирус жуктуруп алгандардын саны 13кө жетти
АКШнын аскерлери Ирандын түштүгүндөгү деңиз жана ракеталык буталарга сокку урду
Израилдин президенти Герцог Израиль коомун «желмогуз» деп мүнөздөдү
Орусия чет элдиктерди жана дипломаттарды Киевден чыгып кетүүгө чакырды
Британиянын коргоо министринин учагы Орусиянын чек арасына жакын жерде сигналдын бузулушуна кабылды
Түркиянын Тышкы иштер министрлиги "25-май Африка күнүнө" карата куттуктоо жарыялады
Израиль армиясы Батыш Шериада дүкөндөрдү жаптырды