ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
FBI Чарли Кирктин өлүмүнө шектүүнүн качып баратканда тартылган видеосун жарыялады
Жетекчилер изделген шектүүнүн айырмаланган өзгөчөлүктөрүнө көңүл буруп жатканда операция күчөтүлдү. Маалымат үчүн 100 000 доллар сыйлык убада кылынды.
FBI Чарли Кирктин өлүмүнө шектүүнүн качып баратканда тартылган видеосун жарыялады
/ Reuters
 

АКШнын Федералдык тергөө бюросу (FBI) америкалык консерватор активист Чарли Киркти атып өлтүргөн шектүүнүн жаңы видеосун жарыялады. Видеодо шектүү бир имараттын чатыры аркылуу чуркап өтүп, четинен ылдый түшкөнүн жана тегеректеги токойго кирип кеткенин көрүүгө болот.

Бийлик өкүлдөрү шектүүнү "студенттик куракта" деп мүнөздөп, анын кара түстөгү футболка, Америка желеги түшүрүлгөн кийим жана Converse бут кийим кийип жүргөнүн белгилешти. Бул өзгөчөлүктөр шектүүнү аныктоого жардам бериши мүмкүн деп айтылды.

Полиция АКШнын президенти Дональд Трамптын өнөктөшү Чарли Кирк атып өлтүрүлгөн Юта Валли университетиндеги окуя болгон жерден алынган ДНК үлгүлөрүнүн изилденгенин жарыялады. Прокурорлор шектүү кармалса, өлүм жазасына тартууга камынууда.

Тергөөчүлөр университеттин жанындагы токойдон жогорку калибрлүү мылтык табылганын тастыкташты. Жергиликтүү маалымат каражаттары болсо полиция "тийиштүү адамды" аныктаганын билдиришти, бирок азырынча эч ким кармала элек.

FBI шектүүнү кармоого алып келүүчү маалымат үчүн 100,000 доллар сыйлык убада кылынды. Ошондой эле кол салуудан дароо кийин жазылган полиция кызматкерлеринин рация сүйлөшүүлөрүнүн аудиосу жарыяланды. Тергөөчүлөр шектүүнүн фотосүрөттөрүн иликтеп, жаңы маалыматтарды табууга аракет кылышууда.

Turning Point USA уюмунун 31 жаштагы негиздөөчүсү Чарли Кирктин өлтүрүлүшү саясий чөйрөдө кеңири нааразычылык жана айыптоолорду жаратты.

Иликте
Греция Израиль менен 1 миллиард евролук жаңы курал-жарак келишимин даярдап жатат
Ливиянын жээгинде Орусиянын деңиз флотуна таандык корвет жана орус жүк ташуучу кемеси бутага алынды
Трамп Иранга чабуулдар жаңы жылдан кийин кайра башталышы мүмкүн деп эскертти
Берлиндеги ооруканада чыккан өрттөн 15 адам жабыркап, бир адамдын абалы оор
Министр Курум: "Жалпы үйүбүз дүйнө үчүн чечимдерди издөөдөн баш тартпайбыз"
Индонезиядагы өрт апааты: 24 адам каза таап, ондогон адамдан кабар жок
Түрк Кызылайы Газадагы 25 миң адамга азык-түлүк жардамын жөнөттү
Украина: "Орусиянын ар кандай чабуулдарынан 14 жаран каза болду"
Орусия: Германия менен Улуу Британиянын коргоо министрлери «акылынан адашып калышты»
Кытай АКШдан телекоммуникациялык чектөөлөрдү алып салууну суранды
Жаш улуттук дзюдочулар Дүйнө чемпионатынын 3-күнүндө 2 алтын, 3 медаль утушту
Иран Бахрейндеги АКШнын радарларына сокку урганын жарыяласа, Манама жарандык объект экенин билдирди
Баскынчы Израиль Батыш Шериадагы жөөт конуштарында 895 жаңы турак жай куруу планын жарыялады
Министр Фидан: «Йемендин ичине аскерлерди жайгаштыруу боюнча эч кандай чечим кабыл алына элек»
Министр Болат: «Акыркы 6 айда биз ай сайын экспорттун бардык рекорддорун жаңыладык»