Шанлыурфада келерки жылы TEKNOFEST технология жана авиация жарманкеси өтөт
Түрк технология командасы фондунун Камкорчулар кеңешинин төрагасы Селчук Байрактар иш-чара 2026-жылдын 30-сентябрында башталаарын билдирди.
Түрк технология командасы фондунун (T3 фонду) Камкорчулар кеңешинин төрагасы Селчук Байрактар бейшемби күнү Take Off Turkey Startup саммитинде, беш күндүк TEKNOFEST иш-чарасы 2026-жылдын 30-сентябрында башталаарын жарыялады.
Шаршемби күнү башталган эки күндүк Take Off Turkey Startup саммитинин медиа демөөрчүсү TRT, ал эми глобалдык коммуникациялык өнөктөшү Anadolu агенттиги болду.
Саммит Стамбул көргөзмө борборунда Түрк технология командасы фонду (T3 фонду), Өнөр жай жана технология министрлиги, Инвестиция жана каржы кеңсесинин жетекчилиги астында өттү.
TEKNOFEST эки жылда бир Стамбулда жана эки жылда бир Түркиянын ар кайсы шаарларында өткөрүлөт.
Бул иш-чара Азербайжанда жана Түндүк Кипр Түрк Республикасында да өткөрүлгөн.
TEKNOFESTтин деңизчилик темасындагы "Көгүлтүр мекен" иш-чарасы да быйыл Стамбулда өттү.
Түркиянын түштүгүндө жайгашкан Адана шаарында 2024-жылы өткөн иш-чарага болжол менен 1,1 миллион конок катышкан.
TEKNOFEST бүгүнкү күнгө чейин жалпысынан 11 миллионго жакын конокту кабыл алды.