ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Украинанын парламенти аскердик абалда шайлоо өткөрүү мүмкүнчүлүгүн карап жатат
Бийликтеги партиянын парламенттик фракция жетекчиси тиешелүү парламенттик комитеттин, партиялык топтордун жана шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү менен бирге талкууларды жүргүзөрүн кабарлады.
Украинанын парламенти аскердик абалда шайлоо өткөрүү мүмкүнчүлүгүн карап жатат
Зеленский эгер коопсуздук жана укуктук шарттар камсыздалса 60-90 күндүн ичинде президенттик шайлоо өткөрүүгө "даяр" экенин билдирген. / AFP

Украинада бийликтеги партиянын парламенттик фракция жетекчиси парламенттин аскердик абалда президенттик шайлоо өткөрүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу үчүн жумушчу топ түзгөнүн жарыялады.

Украина президенти Владимир Зеленскийдин "Эл кызматчысы" партиясынын парламенттик фракция жетекчиси Давыд Арахамия дүйшөмбү күнү Telegram баракчасындагы билдирүүсүндө талкуулар Жогорку Раданын (Украина парламентинин) Мамлекеттик бийликти уюштуруу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, аймактык өнүгүү жана шаар куруу боюнча комитети менен биргеликте жүргүзүлөрүн билдирди.

Арахамия бардык парламенттик фракциялардын, Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясынын жана шайлоо маселелерине тиешеси бар жарандык коомдук уюмдардын өкүлдөрү процесске катышаарын кошумчалап, "Жыйындын күнү жана убактысы жакында жарыяланат" деди.

Зеленский ушул айдын башында коопсуздук жана укуктук шарттар аткарылса, 60-90 күндүн ичинде президенттик шайлоо өткөрүүгө "даяр" экенин билдирип, АКШ менен Европа өнөктөштөрүн согуш учурундагы добуш берүү үчүн зарыл шарттарды түзүүгө жардам берүүгө чакырган.

Украина лидеринин бул кадамы АКШнын президенти Дональд Трамптын Politico басылмасына берген маегинен кийин болду. Трамп Украинанын шайлоо өткөрүүгө убакыты келгенин жактап, Киев "согушту шайлоодон качуу үчүн колдонуп жатат" деген жана узакка созулган кечиктирүү Украинанын демократиясына зыян келтирерин эскерткен.

Зеленский Киев саясий артыкчылык алуу үчүн шайлоодон качууда деген дооматтарды четке кагып, согуштун уланышы "ким кызматта турганына эч кандай тиешеси жок" деп айтып, мыйзам чыгаруучулардан согуш учурунда шайлоо өткөрүүгө мүмкүндүк берүүчү укуктук өзгөртүүлөрдү даярдоону суранганын кошумчалады.

Иликте
Кытайдын Сычуань провинциясында үйдүн дубалы кулап, беш адам каза болду
Иран парламентинин төрагасы Калибаф Иракка сапарын Сүлейманинин эстелигин зыярат кылуу менен баштады
Индиянын Батыш Бенгалия штатындагы мейманканадагы өрттөн тогуз адам каза болду
Британияда сальмонеллез оорусунан 1 адам каза болуп, 207 учур катталды
Катар Газадагы ок атышууну токтотуу келишиминин толук аткарылышы үчүн кысымын күчөтүүдө
БУУ Газанын  2025 -  жылы да гуманитардык жардам кызматкерилери каза болгон аймак болгонун билдирди
Сирияда газ жеткирген газ түтүгүндө жарылуу болду
Лавров Россия менен Түндүк Кореянын жаңы көп полюстуу дүйнөлүк тартипти издеп жатканын айтты
Түркия 2026–2030-жылдарда глобалдык ЖИ борбору болуу максатындагы жол картасын жарыялады
Австралия менен Япониянын коргоо министрлери терең аскердик кызматташтык тууралуу сүйлөштү
Филиппиндеги  мектепте болгон куралдуу кол салууда  төрт адам каза болду
Украина Орусиянын чабуулдарына каршы бир нече жумадан бери Patriot ракеталарын колдоно албай жатат
Франция Түркияга да ыраазычылык билдирди
Түштүк Кореянын президенти 2030-жылга чейин аскердик командирликти АКШдан алууга аракет кылууда
Аракчи: "АКШ менен жетишилген келишимди ишке ашыруудагы эң чоң тоскоолдук - бул Израиль"