ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
ФБРдин мурдагы директору күнөөсүз экендигин айтып Трампты "айыптады"
2016-жылы АКШда болгон президенттик шайлоо учурунда "Россиянын кийлигишүүсү" боюнча 2020-жылы Сенаттын Юридикалык комитетине жалган көрсөтмө берген деген айып менен ФБРдин мурдагы директоруна каршы иш козголгон.
ФБРдин мурдагы директору күнөөсүз экендигин айтып Трампты "айыптады"
Indicted former FBI chief James Comey declared his innocence. / AP
 

ФБР мурдагы директору Жеймс Коми бейшемби күнү өзүнүн күнөөсүз экенин белгилеп, өзүнө ага коюлган кылмыштар менен беттешүүгө даяр экенин билдирди.

Комей Инстаграмдан жарыялаган видеодо : “Үй - бүлөм жана мен Дональд Трампка каршы туруунун оңой эмес экенин билгенбиз. Бирок башкача жашоону элестете албайбыз. Мен коркпойм жана силер да коркпойсуңар деп ойлойм”,- деди.

Шаршемби күнү ФБРдин мурдагы директору Комиге Орусиянын 2020-жылы Трамп кызматка киришкен 2016-жылдагы АКШдагы президенттик шайлоого кийлигишүүсү боюнча Сенаттын Сот комитетине берген көрсөтмөсүнө байланыштуу тоскоол болгон жана жалган билдирүү жасаган деген айып тагылган.

АКШнын Юстиция министрлиги бул кадамды президент Трамптын Комиге каршы чара көрүүнү талап кылган билдирүүсүнөн бир нече күн өткөндөн кийин жасады.

Башкы прокурор Пам Бонди билдирүүсүндө: "Эч ким мыйзамдан жогору эмес. Бүгүнкү айыптоо юстиция министрлигинин бийликти кыянаттык менен пайдаланган жана Америка элин адаштыргандарды жоопкерчиликке тартуу милдеттенмесин чагылдырат. Биз бул иш боюнча фактыларды издейбиз" деди.

Комиге каршы айыптоо Трамптын АКШнын Чыгыш Виржиния округунун прокурору Эрик Сейбертти кызматтан кетиргенден кийин коюлган. Маалыматтарга караганда, Сейберт Комиге каршы айыптоо боюнча ички күмөн саноолорун билдирген.

‘АКШда адилеттүүлүк’

Президент Трамп Коминин айыпталышын кубаттап, Truth Social социалдык медиа платформасында: "АМЕРИКАДА АДИЛЕТТҮҮЛҮК! Жеймс Коми бул өлкө башынан өткөргөн эң жаман адамдардын бири; Коррупцияга аралашкан ФБРдин мурдагы директору Джеймс Коми", - деп билдирди.

Билдирүүдө :"Бүгүн, Чоң калыстар тобу тарабынан ар кандай мыйзамсыз жана укукка каршы аракеттери үчүн эки оор кылмыш боюнча айыпталды. Бул өлкөбүз үчүн көптөн бери абдан жаман болчу, эми ал улутубузга каршы жасаган кылмыштары үчүн жоопко тартыла баштады", - деп айтылган.

Комиге каршы коюлган айыптар Трамптын саясий душмандарынан өч алуу үчүн федералдык өкмөттүн күчүн колдонуу аракеттери катары сынга алынууда.

Коми Трамптын биринчи мөөнөтүндө президенттин 2016-жылдагы шайлоо кампаниясы жана анын Россия менен байланышы боюнча иликтөө жүргүзгөнү үчүн кызматтан алынган. Ал Трамптын адилеттүүлүк системасын саясатташтыруу аракеттерин ачык сындап келген.

Иликте
Греция Израиль менен 1 миллиард евролук жаңы курал-жарак келишимин даярдап жатат
Ливиянын жээгинде Орусиянын деңиз флотуна таандык корвет жана орус жүк ташуучу кемеси бутага алынды
Трамп Иранга чабуулдар жаңы жылдан кийин кайра башталышы мүмкүн деп эскертти
Берлиндеги ооруканада чыккан өрттөн 15 адам жабыркап, бир адамдын абалы оор
Министр Курум: "Жалпы үйүбүз дүйнө үчүн чечимдерди издөөдөн баш тартпайбыз"
Индонезиядагы өрт апааты: 24 адам каза таап, ондогон адамдан кабар жок
Түрк Кызылайы Газадагы 25 миң адамга азык-түлүк жардамын жөнөттү
Украина: "Орусиянын ар кандай чабуулдарынан 14 жаран каза болду"
Орусия: Германия менен Улуу Британиянын коргоо министрлери «акылынан адашып калышты»
Кытай АКШдан телекоммуникациялык чектөөлөрдү алып салууну суранды
Жаш улуттук дзюдочулар Дүйнө чемпионатынын 3-күнүндө 2 алтын, 3 медаль утушту
Иран Бахрейндеги АКШнын радарларына сокку урганын жарыяласа, Манама жарандык объект экенин билдирди
Баскынчы Израиль Батыш Шериадагы жөөт конуштарында 895 жаңы турак жай куруу планын жарыялады
Министр Фидан: «Йемендин ичине аскерлерди жайгаштыруу боюнча эч кандай чечим кабыл алына элек»
Министр Болат: «Акыркы 6 айда биз ай сайын экспорттун бардык рекорддорун жаңыладык»