ТҮРКИЯ
1 мүнөт окуу
Эрдоган:«Түркия Израилдин Газадагы геноцидинин токтотулушуна багытталган бардык аракеттерди колдойт»
Эрдоган эки тараптын ок атышпоо келишими Газада жана Палестинанын башка аймактарында туруктуу тынчтык, бейпилдик жана коопсуздукка алып келет деп үмүттөнөт.
Эрдоган:«Түркия Израилдин Газадагы геноцидинин токтотулушуна багытталган бардык аракеттерди колдойт»
Президент Эрдоган Израилди Газа тилкесинде ок атышпоо келишимин сактоого үндөдү. / Сүрөт: АА / AA

Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган Израилдин Газадагы геноцидин токтото турган бардык пландарды колдоорун билдирди.

Президент Эрдоган Түркиянын түндүк жээгиндеги Ризе шаарында сүйлөгөн сөзүндө : «Газада эки жылдан бери уланып жаткан кыргын жана геноцидди биротоло токтото турган ар кандай долбоорду толугу менен колдойбуз, Газа тилкесинде ок атышпоо келишимине алып баруучу процессте Түркия принципиалдуу жана адилеттүү позицияны көрсөттү»,-деди.

Эрдоган Түркиянын Израил менен Хамастын ортосунда жетишилген жаңы ок атышпоо келишиминин Газа жана Палестинанын башка аймактарында туруктуу тынчтык, бейпилдик жана коопсуздукка алып келерине үмүт артканын билдирди.

Эрдоган: «Палестиналык боордошторубуз, өзгөчө Хамас, тынчтыкка даяр экендиктерин көрсөтүштү»,-деди.

Президент Израилди Газа боюнча кол коюлган ок атышууну токтотуу келишимин сактоого жана аймакка, анын элинин коопсуздугуна коркунуч келтирген агрессивдүү саясатын токтотууга чакырды.

“Эми Израиль өкмөтү бул келишимдин шарттарын аткарышы керек”, - деп баса белгиледи ал.

Иликте
Тордун ханышалары Словения менен беттешет
Украиналык дрондор Самара облусундагы өнөр жай объектисин жана Ozon платформасынын кампасын атты
Иран армиясынын өкүлү: Иран армиясы коргонуудан чабуулга өттү
Израилдин расмий өкүлдөрү: Нетаньяху Түркия менен чыңалуунун "керексиз" күчөшүнө алып келүүдө
Колумбиядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны өсүүдө; Түркия гуманитардык жардамды  көрсөтүүдө
Түркия Президент Эрдоганга карата айтылган пикирлерге байланыштуу Израилди сынга алды
Түркия жана 11 башка өлкө Сириядагы Израилдин соккуларына каршы чыкты
Түркия Интерполдон Нетаньяхуга каршы кызыл бюллетень чыгарууну суранды
Кыргызстан мунай импорттоо тармагын кеңейтүүдө
Индонезия менен Кытайдын тышкы иштер министрлери жолугушту
Украина: "Орусиядагы мунай иштетүүчү завод менен Мариновка аскердик аэродромуна чабуулдарды жасадык"
Пакистан менен Сирия коргонуу жана коопсуздук байланыштарын кеңейтүү боюнча талкуу жүргүздү
Батыш Шериада израилдик аскерлер атып салган палестиналык тез жардам унаасы келе албай каза болду
Нигерияда кеме оодарылып, 52 адам каза болду
Гутерриш Орусиянын Киев жана Украинанын башка шаарларына чабуулдарын катуу айыптады