ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Европа Биримдиги комиссиясынын үч мүчөсү Түркияда жолугушууларды өткөрөт
Бул сапарлардын Түркия менен Европа Биримдигинин ортосундагы мамилелердеги конструктивдүү атмосфераны чыңдоого жана жандандырууга салым кошору күтүлүүдө.
Европа Биримдиги комиссиясынын үч мүчөсү Түркияда жолугушууларды өткөрөт
Европа Биримдигинин жогорку өкүлү Калластын Түркия сапары жана НАТОнун Анкара саммити алдында ААга маек куруп берди

Европа Биримдигинин (ЕБ) Комиссиясынын төрагасынын орун басары жана тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Кая Каллас, ЕБ Комиссиясынын кеңейүү боюнча мүчөсү Марта Кос жана ички иштер жана миграция боюнча мүчө Магнус Бруннер бүгүн Түркияга келет.

Комиссия мүчөлөрүнүн тышкы иштер министри Хакан Фидан менен жолугушуусу күтүлүүдө.

Фидандын Комиссия мүчөлөрү менен өткөрө турган жолугушууларында, Түркиянын Европа Биримдигине толук мүчөлүк максаты Президент Режеп Таййип Эрдоган ортого салган көз караштарга ылайык, негизги стратегиялык артыкчылыктардын бири катары каларын расмий түрдө билдириши күтүлүүдө. Ошондой эле глобалдык чакырыктар күчөгөн азыркы шартта, талапкер өлкө Түркия менен Европа Биримдигинин ортосундагы карым - катнаштарды биргелешкен кызыкчылыктардын негизинде, конструктивдүү нукта өнүктүрүүгө салым кошо турган мамилени жактыруунун маанисин баса белгилей турганы маалымдалды.

Бул багытта министр Фидандын Түркия-Европа Биримдиги карым - катнаштарын чектеген чечимдерди (ЕБдин Тышкы байланыштар кеңешинин 2019-жылдын 15-июлундагы чечимдери) толугу менен жокко чыгаруу баш болгон Европа Биримдигинин конкреттүү жана конструктивдүү кадамдарды ташташына, Шенген визасын берүүдө түрк жарандары үчүн жеңилдиктерди караган 2025-жылдын 15-июлундагы Аткаруучу чечим сыяктуу шарт түзүүчү чаралардын натыйжалуу түрдө жана түрк жүк ташуучу унааларынын айдоочулары менен бирге бардык катмарларды камтый тургандай ишке ашырылышына карата күтүүлөрдү ортого салышы күтүлүүдө.

Европа Биримдиги Комиссиясынын үч мүчөсүнүн бир убакта Түркияга жасаган сапары Европа Биримдигинин өзгөрүп жаткан глобалдык конъюнктурада Түркия менен мамилелерине маани берип жаткандыгынын көрсөткүчү катары каралууда.

Бир тараптан Европа Биридиги Кеңешинин төрагасы Антонио Коста жана Европа Биримдиги Комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен да 7–8-июлда НАТОнун Анкара саммити алкагында Түркияга келүүнү пландаштырууда.

Европа Биримдиги Түркиянын эң ири соода өнөктөшү, ал эми Түркия Европа Биримдигинин бешинчи ири соода өнөктөшү, Түркия менен Европа Биримдигинин соода көлөмү 2025-жылы болжол менен 233 миллиард долларга жеткени белгиленди.

Иликте
Президент Эрдоган НАТО саммитинин алкагында Албаниянын премьер-министри Раманы кабыл алды
Президент Эрдоган Словакиянын президенти Пеллергини менен жолугушту
Түркия дүйнөдөгү калкы эң көп 18 -  өлкө болду
Трамп Иранды "чабуулдар катуу болушу мүмкүн" деп коркутту
Трамп: Эрдоган мыкты эле, НАТО узун жолду басып өттү
Иран жаңы чабуулдардан кийин АКШны эскертти жана Тегерандын Ормуз кысыгынын тагдырын чечерин айтты
Трамп НАТО саммити негизги маселелерди чечкенин айтып, альянстын биримдигин мактады
Президент Эрдоган НАТО саммитин тарыхый жетишкендик деп мүнөздөдү
Иран: Авантюралык аракеттерге дароо жооп берилет
Трамп: "Бүгүн кечинде Иранга  катуу сокку урабыз"
НАТОнун Анкара саммитинин билдирүүсү жарыяланды
Россия: "Украина эл аралык энергетикалык инфраструктурага каршы террордук аракеттерге барууда"
Эрдоган НАТО ичиндеги коргонуу боюнча кызматташтыкка карата чектөөлөрдү жоюга чакырды
Трамп: «Менин оюмча Иран менен ок атышпоо аяктады»
Иран АКШнын Исламабад ок атышпоо келишимин бузушун айыптады