Орусия АКШга: Венесуэлада "өлүмгө алып келүүчү ката" кетирбеңиз
Москва "чыңалууну басаңдатууга" чакырып, Николас Мадуро өкмөтүн колдой турганын билдирди.
Орусия бейшемби күнү Дональд Трамптын администрациясын Венесуэла кризисинде "өлүмгө алып келүүчү ката" кетирбөөгө чакырды. Орусия өнөктөшү Каракас менен "дайыма байланышта" экенин кабарлады.
Ушул аптада АКШнын президенти Дональд Трамп Венесуэлада санкцияланган мунай танкерлерин блокадалоону буйрук кылды. Бул Вашингтон менен Николас Мадуронун тушундагы Венесуэланын ортосунда жаңы чыңалууну билдирет.
Венесуэла бул чечим анын чийки мунай экспортуна таасир этпегенин айтты.
Кремлдин досу Мадуро көп жылдардан бери Москвага үзгүлтүксүз барып турат.
Москва Тышкы иштер министрлиги Ак үйдүн "өлүмгө алып келүүчү катасына жол бербей турганын жана бүтүндөй Батыш жарым шар үчүн күтүлбөгөн кесепеттерге алып келиши мүмкүн болгон кырдаалдан оолак болот деп үмүттөнөрүн» билдирди.
Министрлик ошондой эле чыңалууну басаңдатууга чакырып, Мадуро өкмөтүн колдой турганын маалымдады.
Кремль өзүнүн "союздашы жана өнөктөшү" Венесуэла менен "дайыма байланышта" экенин айтты.
«Албетте биз аймактагы бардык өлкөлөрдү кырдаалдын күтүлбөгөн жерден курчуп кетишине жол бербөө үчүн сабырдуулукка чакырабыз», - деди Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков.
АКШнын согуштук кемелери Кариб деңизинде турган шартта блокада кандай натыйжа берери белгисиз бойдон калууда.
Трамп ушул аптанын башында: «Венесуэла Түштүк Американын тарыхындагы эң ири флот менен толук курчалды», - деп айткан, бул АКШнын кийлигишүүсү мүмкүн деген кооптонууларды жаратты.
Владимир Путин ушул айдын башындагы телефондук сүйлөшүүдө Мадурону колдой турганын кайталады.