ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Президенттиктин 7-Эл аралык яхта жарышында Улуттук эгемендүүлүк кубогу башталды
Президенттиктин 7- Эл аралык яхта жарыштарынын алгачкы этабы болгон Улуттук эгемендүүлүк кубогуна 23-Апрель — Улуттук эгемендүүлүк жана балдар күнүнө карата Стамбул кысыгында башталды.
Президенттиктин 7-Эл аралык яхта жарышында Улуттук эгемендүүлүк кубогу башталды
Президенттиктин 7-Эл аралык яхта жарышында Улуттук эгемендүүлүк кубогу башталды.

Стамбул ачык деңиз яхта жарыш клубу тарабынан Президенттиктин колдоосу астында, Маданият жана туризм министрлиги,  Жаштар жана спорт министрлигинин салымы менен уюштурулган жарыштарга 14 өлкөдөн келген 500 спортчу Чанаккалеге карай жолго чыкты.

Мустафа Кемал Ататүрктү жана  куралдаш досторун эскерүү үчүн Долмабахчеде бир мүнөттүк эскерүү менен башталып, 3 сааттан ашык убакытка созулган жарыштарда спортчулар шамалга жана татаал жолго каршы стратегия маанилүү болгон күрөштү көрсөтүштү,  Стамбул калкы да 23-Апрель майрамынын алкагында өткөн деңиз үстүндөгү салтанатка күбө болушту.

Улуттук эгемендүүлүк кубогу үчүн ат салышкан командалар Босфор этабын аяктап, Чанаккале багытына карай жолго чыгышты.

Стамбул ачык деңиз яхта жарыш клубунун төрагасы Экрем Йемлихаоглу ар бир этаптын өзүнө тиешелүү руху жана мааниси бар экенин белгилеп, төмөнкүлөргө токтолду: "Балдарыбыздын 23-Апрель Улуттук эгемендүүлүк жана балдар күнүн белгилеп жатабыз. Президенттиктин  7 - Эл аралык яхта жарыштары спорттук уюм гана эмес, ошол эле учурда Түркиянын деңиздеги күчүн дүйнөгө тааныткан престиждүү долбоор болуп саналат. Биздин максатыбыз - бул өзгөчө күндөрдүн рухун деңиздеги күрөшүбүз менен айкалыштыруу, эл аралык сууларда желегибизди сыймыктануу менен желбиретүү жана бул спортту келечек муундарга эң кесипкөйлүк менен өткөрүп берүү."

 Тарыхка таазим жарышы

 Чанаккале жеңишинин 111 жылдыгын белгилөө үчүн уюштурулган Тарыхка тазим жарышында спортчулар Чанаккаленин шамалына каршы сүзүшөт. Жалпысынан 104 деңиз милин түзгөн аралыкта күч сынаша турган командалардын ичинен Чанаккалеге биринчи жеткени «Жээк коопсуздук кубогуна» ээ болот.

Жарыштын катышуучулары 25-апрелде Чанаккале кысыгында  таймашты улантышат. Үч күнгө созула турган  жарыштын жыйынтыгында эң мыкты натыйжа көрсөткөн команда «Жеңиш кубогунун" ээси болот.

Жарыштардын экинчи этабы 19-Майда, үчүнчү этабы 30-Августта, ал эми финалдык этабы болгон Республика Кубогу 29-Октябрда Стамбул кысыгында өтөт.

Иликте
"Европа-Атлантика коопсуздугунун келечегин калыптандыруу" боюнча жыйын өттү
Дүйнө чемпионаты оюнунда кагылышуу чыкты
Трамптын бутасындагы Харк аралы тууралуу эмнелер белгилүү?
АКШ НАТОнун Европадагы операцияларын кескин кыскартууну пландаштырууда
Канаданын премьер-министри Карни: Түркия НАТОнун маанилүү өнөктөшү
Трамп Иранга карата пландалган кол салууну токтотту; келишим түзүү белгисин берди
Шакира менен Бурна Бой Дүйнөлүк Кубоктун ачылышында чогуу ырдашты
Белфасттагы зордук-зомбулук окуяларынан кийин Британия Ирландия чек арасындагы көзөмөлдү күчөттү
Сирия купуя документтерди интернетке чыгарып жиберген киберчабуул боюнча иликтөө жүргүзүп жатат
Кудс губернаторулугу: "Израиль UNRWA'га таандык билим берүү комплексин жок кылууну пландап жатат"
Инд океанында  ушул кезге чейинки эң терең жана эң чоң кит көрүстөнү табылды
Пакистан Индия суу агымын чектесе "олуттуу кесепеттерге" дуушар болорун эскертти
Бурханеттин Дуран: Түркия жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн эшиктерин ачууну улантат
Тышкы иштер министри Фиданды Болгариянын премьер-министри Радев кабыл алды
Эрдоган Түрк Кызылайы дүйнөлүк гуманитардык жардам аракеттери менен өзгөчөлөнгөнүн айтты