ТҮРКИЯ
1 мүнөт окуу
Түркия: Орусия-Украина сүйлөшүүлөрүнүн экинчи айлампасында да терс жыйынтык чыккан жок
Украина Москвага ушул айдын аягында жаңы жыйын өткөрүүнү сунуштады жана Орусиядан балдарды кайтарып берүүнү талап кылды.
Түркия: Орусия-Украина сүйлөшүүлөрүнүн экинчи айлампасында да терс жыйынтык чыккан жок
Ukrainian Defense Minister Umerov says Kiev has proposed to Moscow a new meeting for end of this month. / Reuters

Анадолу агенттигинин маалыматына ылайык, Орусия-Украина тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн экинчи айлампасы дүйшөмбү күнү Стамбулдагы Чыраган сарайында бир сааттан ашык убакыттан кийин аяктады.

Сүйлөшүүлөрдөн кийин Түркия Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Орусия-Украина тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн Стамбулдагы бул айлампасында эч кандай терс жыйынтык чыкпаганын билдирди.

Орусия тарапты вице-президент Владимир Мединский баштаган делегация өкүлдүк кылып, ал эми Украинанын делегациясын коргоо министри Рустем Умеров жетектеди.

Украин делегациясынын курамында тышкы иштер министри, чалгын кызматынын башчысы жана Башкы штабдын башчысы орун алды.

В9 жана Скандинавия өлкөлөрү менен Вильнюс саммитинде өткөрүлгөн маалымат жыйынында Украинанын президенти Владимир Зеленский сүйлөшүүлөр аяктаганын ырастап, Умеровдун отчетун күтүп жатканын айтты.

“Алар (делегациялар) түрк тарап аркылуу документтерди алмашышты жана биз согуш туткундарын бошотуу үчүн жаңы даярдыктарды көрүп жатабыз», - деди.

Сүйлөшүүлөрдөн кийин Умеров Киевдин Москвага ушул айдын аягында жаңы жыйын өткөрүүнү сунуштаганын билдирди.

Украинанын Президенттик кеңсесинин башчысы жана делегациянын мүчөсү Андрей Ермак Телеграм аркылуу Киевдин Орусия көзөмөлдөгөн аймактарга “мыйзамсыз депортацияланып, күч менен көчүрүлгөн” балдарды кайтарууну талап кылганын айтты.

Стамбул буга чейин 16-майда өткөн сүйлөшүүлөргө да үй ээлик кылган, ал сүйлөшүүлөр Москва менен Киевдин ортосундагы эң чоң туткун алмашуу менен жыйынтыкталган.

Түркия согуш учурунда Орусия жана Украина менен тыгыз байланышта болуп, диалогду жана тынчтык аракеттерин жеңилдетүү үчүн ортомчулук кылууну бир нече жолу сунуштаган.

Иликте
Зеленский Россиянын бүгүнкү күнгө чейинки эң ири туткун алмашууну бекиткенин билдирди
Түрк министри COP31де эскертти: "Мөңгүлөрдүн жоголушу дүйнөлүк суу ресурстарына коркунуч келтирет"
Судандын Дарфур аймагында үч күндүн ичинде 5 275 адам жер которууга аргасыз болду
АКШнын президенти Трамптын атайын өкүлдөрү Москвада орус лидери Путин менен жолугушту
Израиль: "CENTCOM армияга Иранга каршы жаңы чабуул ыктымалдуулугуна даяр болуу билдирүүсүн жөнөттү"
Малатияда S-70 үлгүсүндөгү тик учак кырсыкка учурап, төрт аскер шейит болду
Кызыл Чырым: "Газадагы жер которгон үй-бүлөлөр катуу суукка туш болууда"
Түркиянын А улуттук баскетбол командасы Черногорияны 79-62 эсебинде жеңди
Ок атышпоого карабастан Израилдин Газага жасаган чабуулдарынан акыркы 24 саатта 8 адам каза болду
Президент Эрдоган БУУнун Башкы катчысы Гутеррешти кабыл алды
БУУнун Башкы катчысы Гутерриш Түркиянын COP 31ди уюштурганын мактады
Түркия жашыл жана санариптик өтүүнү тездетүү үчүн Жашыл келишим боюнча иш-аракеттер планын жаңылады
Түркия менен Өзбекстан айлана-чөйрөнү коргоо боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту
ASELSAN бардык энергетикалык муктаждыктарын күн энергиясынан канааттандырат
Эл аралык катышуучулар COP31де Ататүрктү бир мүнөттүк унчукпай туруу менен эскеришти