Түркиянын батышындагы Эгей аймагында байыркы Колоссай шаарында иштеген археологдор болжол менен 2200 жыл мурункуга катталган 60 мүрзө табышты.
Анадолунун башка аймактарында буга окшогон көрүстөндөр табылган болсо да адистер мынчалык тар аянтта жанаша курулган көп көрүстөндүн аз кездешкенин белгилешти.
Түрк археолог Батыш Йенер Анадолу агенттигине берген маегинде : “Колоссайда Анадолудагы эң чоң аскадан оюлуп жасалган көрүстөндү таптык. Үстүңкү катмарды алгандан кийин 65 көрүстөндү таптык жана булардан алтымышын каздык. Скелет калдыктары менен бирге маанилүү археологиялык маалыматтарды таптык”,- деди.
Йенер байыркы заманда адамдардын жерди эффективдүү пайдалануу үчүн көмүүчү жер катары травертин түзүлүштөрүн тандаганын баса белгиледи.
Барыш Йенер: «Байыркы адамдар аймактын геологиялык жана топографиялык өзгөчөлүктөрүн укмуштуудай пайдаланышкан. Ал кезде дыйканчылык, өзгөчө дан өндүрүү менен алектенгендиктен, айдоо жерлерин коргоо үчүн таштак травертиндерди көрүстөн катары белгилешкен»,-деп кошумчалады.
Дин туризми үчүн потенциал
Байыркы шаар ошондой эле дин туризми үчүн олуттуу потенциалга ээ. Йенердин айтымында, изилдөө табылгалары бул аймактын байыркы тургундарынын коргоочу ишеним системаларына чоң маани бергенин көрсөтүүдө.
Түрк археологу: "Табылгалар Колоссай элинин сыйкырчылыкка, тумарларга жана коргоочу күчкө ээ деп эсептелген буюмдарга канчалык баа беришкенин айгинелейт. Мүрзөлөрдүн ичинен биз көптөгөн тумарларды, дарылык касиети бар деп эсептелген таштарды таптык",-деди.
Мүрзөлөрдөн чыккан табылгалар бизге коомчулуктун коргоого болгон каалоосун жана сөөк коюу ырым-жырымдарынын күнүмдүк диний каада-салттар менен кантип айкалышканын түшүнүүгө жардам берет. Мүрзө буюмдарына терракота жана айнек бөтөлкөлөр, май лампалары, тыйындар жана күнүмдүк тириличиликте жана акыретте караңгылыкты жарыктандыруу үчүн коюлган сандал сыяктуу жеке буюмдар бар.
Тарыхый боштукту толтурууда
Колоссай казууларынан алынган табылгалардын аймактын тарыхындагы хронологиялык боштукту толтура тургандай мааниге ээ экенин белгилеген Йенер, алардын азыр акыркы халколит доорунан 1206-жылы Хоназдын түрктөшүүсүнө чейин тынымсыз маалымат агымына ээ экендигин айтты.
Перс доорунун эң маанилүү шаарларынын бири болгон Колоссай Рим жана Византия доорунда христиан тарыхында да маанилүү орунга ээ болгон. Бирок жакын жерде жайгашкан Иераполис жана Лаодикея сыяктуу байыркы шаарлардын түзүлүшү менен Колоссай акырындык менен маанисин жоготуп, биздин замандын 1-кылымында болгон жер титирөөдөн катуу жабыркаган.
692-жылы Чонае деген ат менен кайра курулган шаар 787-жылы дагы бир кыйратуучу жер титирөөдөн кийин толугу менен кароосуз калды.
Үч жылдык изилдөөлөрдөн кийин Памуккале университетинин археологу Барыш Йенер башкарган жана Маданият жана туризм министрлигинин «Келечек мурасы» долбоорунун жетекчилигинде бул жерде казуу иштери жүргүзүлдү. Бул жер Денизли провинциясынын чегинде, Хоназ тоосунун этегинде жайгашкан.
Биздин заманга чейинки 6-кылымдан бери маанилүү соода борбору катары белгилүү болгон жана өзгөчө жүн жана текстиль өндүрүшү менен белгилүү болгон Колоссай, уланып жаткан археологиялык казуулар менен өтмүшүнө байланыштуу жаңы маалыматтарды берүүнү улантууда.