ТҮРКИЯ
1 мүнөт окуу
Эрдоган: Украинадагы тынчтык сүйлөшүүлөрү Ирандагы согуштан улам үзгүлтүккө учурабашы керек
Президент Зеленскийге Жакынкы Чыгыштагы чыңалууга карабастан Россия - Украина согушун токтотууга карата сүйлөшүүлөрдүн кечикпестен улантылышы керектигин айтты.
Эрдоган: Украинадагы тынчтык сүйлөшүүлөрү Ирандагы согуштан улам үзгүлтүккө учурабашы керек
Президент Эрдоган Жакынкы Чыгыштагы күчөп жаткан кризис: "Украинадагы тынчтык аракеттерин үзгүлтүккө учуратпашы керек",- деди. / AA Archive

Президент Режеп Таййип Эрдоган шейшемби күнү Украинанын президенти Владимир Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Ирандагы кагылышуунун Украинадагы согушту токтотуу аракеттерине жолтоо болбошу керектигин айтты.

Түркия Республикасынын коммуникация башкармалыгынын билдирүүсүнө ылайык, эки лидер эки тараптуу карым - катнаштарды, ошондой эле аймактык жана глобалдык окуяларды талкуулашты.

Эрдоган Жакынкы Чыгыштагы күчөп бараткан кризистин Украинада тынчтыкты издөөгө тоскоол болбошу керектигин баса белгилеп, согушту токтотууга багытталган сүйлөшүүлөрдү кечиктирбестен улантуу керектигин белгиледи.

Ок атышууну токтотуу жана Кара деңиздин коопсуздугу

Түрк лидери Режеп Таййип Эрдоган кагылышуу аяктагандан кийин Украинаны кайра куруунун жана өлкөнүн муктаждыктарын камсыз кылуунун маанисине көңүлдөрдү бурду.

Эрдоган өлкөнүн жарааттарын айыктыруу, кайра куруу иштерин баштоо жана узак мөөнөттүү коопсуздукту камсыз кылуу аймактык туруктуулук үчүн чечүүчү фактор болорун айтты.

Президент Эрдоган Кара деңиздеги деңиз коопсуздугунун стратегиялык маанисин баса белгиледи. Ал энергетикалык инфраструктураны жана порт объектилерин коргоо согушуп жаткан тараптардын ортосунда ишенимди орнотууга жардам берерин билдирди.

Президент бул пункттарды коргой турган ок атышууну токтотуу келишими ишенимди арттыруучу маанилүү кадам болорун жана кеңири аймактык туруктуулукка салым кошоорун белгиледи.

Эрдоган Түркиянын дипломатиялык аракеттерди жеңилдетүү жана бул жыйынтыктарды кепилдөө үчүн зарыл болгон бардык колдоолорду көрсөтүүгө даяр экенин кошумчалады.

Иликте
Тордун ханышалары Словения менен беттешет
Израилдин расмий өкүлдөрү: Нетаньяху Түркия менен чыңалуунун "керексиз" күчөшүнө алып келүүдө
Колумбиядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны өсүүдө; Түркия гуманитардык жардамды  көрсөтүүдө
Түркия Президент Эрдоганга карата айтылган пикирлерге байланыштуу Израилди сынга алды
Түркия жана 11 башка өлкө Сириядагы Израилдин соккуларына каршы чыкты
Түркия Интерполдон Нетаньяхуга каршы кызыл бюллетень чыгарууну суранды
Кыргызстан мунай импорттоо тармагын кеңейтүүдө
Индонезия менен Кытайдын тышкы иштер министрлери жолугушту
Украина: "Орусиядагы мунай иштетүүчү завод менен Мариновка аскердик аэродромуна чабуулдарды жасадык"
Пакистан менен Сирия коргонуу жана коопсуздук байланыштарын кеңейтүү боюнча талкуу жүргүздү
Батыш Шериада израилдик аскерлер атып салган палестиналык тез жардам унаасы келе албай каза болду
Нигерияда кеме оодарылып, 52 адам каза болду
Гутерриш Орусиянын Киев жана Украинанын башка шаарларына чабуулдарын катуу айыптады
Орусия Москва Иранга сүйлөшүүлөрдү кайра баштоого кысым көрсөтпөгөнүн айтты
Россия: "Киевдин позициясы кризисти тынчтык жолу менен чечүү мүмкүнчүлүгүн начарлатууда"