ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
АКШ конгрессмени Уилсон: Мекке коргонуу альянсы Жакынкы Чыгыштын НАТОсуна айлануу мүмкүнчүлүгүнө ээ
АКШнын Өкүлдөр палатасынын мүчөсү Жо Уилсон Мекке биргелешкен коргонуу келишими Жакынкы Чыгыштын НАТОсуна айлануу мүмкүнчүлүгүнө ээ экенин баса белгиледи.
АКШ конгрессмени Уилсон: Мекке коргонуу альянсы Жакынкы Чыгыштын НАТОсуна айлануу мүмкүнчүлүгүнө ээ
Түркия, Сауд Арабиясы жана Пакистан Меккеде өз ара коргонуу келишимине кол коюшкан.
 

Республикачы Уилсон Түркия, Сауд Арабиясы жана Пакистандын ортосунда кол коюлган альянс келишимине X социалдык медиа платформасында баа берди.

АКШлык саясатчы: "Мекке коргонуу альянсы Жакынкы Чыгыштын НАТОсуна айлануу мүмкүнчүлүгүнө ээ", - деп билдирди.

Уилсон: "Хуситтердин Иран колдогон агрессиясына каршы альянсты активдештиргендиги үчүн союздаштарыбыз Түркияга, Пакистанга жана Сауд Арабиясына ыраазымын" деп кошумчалады.

Түркиянын, Сауд Арабиясынын жана Пакистандын тышкы иштер министрликтери Мекке коргонуу альянсынын Стратегиялык саясий жана коргонуу комитетинин кезексиз жыйыны боюнча биргелешкен билдирүү жасашкан.

Сауд Арабиясынын борбору Эр-Риядда өткөн жыйындан кийин жарыяланган биргелешкен билдирүүдө төмөнкүлөр камтылды:

"Комитет жамааттык коргонуу милдеттенмелерин мүмкүн болушунча тезирээк ишке ашырууну улантуу, ушул контекстте тараптардын улуттук мыйзамдарына ылайык, макулдашылган келишимдердин алкагында Сауд Арабиясына аскердик күчтөрдү жана мүмкүнчүлүктөрдү берүү жана тез арада жайгаштыруу боюнча чараларды көрүү, ошону менен коркунучтарга каршы күрөшүүгө даярдык абалын, аскердик интеграцияны жана жамааттык мүмкүнчүлүктөрдү бекемдөө чечимин кабыл алды".

Иликте
Греция Израиль менен 1 миллиард евролук жаңы курал-жарак келишимин даярдап жатат
Ливиянын жээгинде Орусиянын деңиз флотуна таандык корвет жана орус жүк ташуучу кемеси бутага алынды
Трамп Иранга чабуулдар жаңы жылдан кийин кайра башталышы мүмкүн деп эскертти
Берлиндеги ооруканада чыккан өрттөн 15 адам жабыркап, бир адамдын абалы оор
Министр Курум: "Жалпы үйүбүз дүйнө үчүн чечимдерди издөөдөн баш тартпайбыз"
Индонезиядагы өрт апааты: 24 адам каза таап, ондогон адамдан кабар жок
Түрк Кызылайы Газадагы 25 миң адамга азык-түлүк жардамын жөнөттү
Украина: "Орусиянын ар кандай чабуулдарынан 14 жаран каза болду"
Орусия: Германия менен Улуу Британиянын коргоо министрлери «акылынан адашып калышты»
Кытай АКШдан телекоммуникациялык чектөөлөрдү алып салууну суранды
Жаш улуттук дзюдочулар Дүйнө чемпионатынын 3-күнүндө 2 алтын, 3 медаль утушту
Иран Бахрейндеги АКШнын радарларына сокку урганын жарыяласа, Манама жарандык объект экенин билдирди
Баскынчы Израиль Батыш Шериадагы жөөт конуштарында 895 жаңы турак жай куруу планын жарыялады
Министр Фидан: «Йемендин ичине аскерлерди жайгаштыруу боюнча эч кандай чечим кабыл алына элек»
Министр Болат: «Акыркы 6 айда биз ай сайын экспорттун бардык рекорддорун жаңыладык»