БУУнун Сирия боюнча атайын өкүлү Гейр Педерсен өткөн жылдын соңунда аяктаган жарандык согуш бою беш жылдан ашык убакытка созулган кызматынан кеткенин жарыялады.
“Мен кеңешке билдиргим келет, БУУнун Башкы катчысын Сирия боюнча атайын өкүл кызматынан кетүү ниетим тууралуу кабардар кылдым. Ал менин өтүнүчүмдү түшүнүү менен кабыл алды”, – деди Педерсен БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги Сирия боюнча жыйындан кийин.
Сирия элинин “өзгөчө кайраттуулугун жана адамгерчилигин” баса белгилеген Педерсен: “Көп жылдык кызматтан кийин жеке себептерден улам кетүү ниетим бар эле”, – деп билдирди.
‘Оңой иш эмес’
“Мен жакын арада кызматтан кетем, бирок акыркы күнүмө чейин өз милдеттеримди толук аткарууну улантам”, – деди.
Сирия элинин «чыдамкайлыгын жана чечкиндүүлүгүн» баса белгилеген Педерсен эл аралык коомчулукту Сирия үчүн «жаркын күндү» камсыз кылууга чакырды.
Сириянын жаңы дайындалган БУУдагы өкүлү Ибрахим Олаби сөз алып Педерсендин аракеттерине ыраазычылык билдирди жана “Чыр-чатактын чөйрөсүндө атайын өкүл болуу оңой иш эмес”, – деди.
2018-жылдын октябрында БУУнун Сирия боюнча атайын өкүлү болуп дайындалган Педерсен ошондой эле БУУнун Ливан боюнча атайын координатору (2007–2008) жана Башкы катчынын Түштүк Ливан боюнча жеке өкүлү (2005–2007) кызматтарын да аркалаган.











