ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Россия: АКШ менен мамиленин начарлашы өзөктүк келишимдин келечегин тобокелге салат
Рябковдун билдирүүлөрү Украинанын Россиянын өзөктүк куралдуу коргонуу күчтөрүнүн бир бөлүгү болгон оор бомбалоочу учактары жайгашкан аба базаларына дрондор чабуул жасашынан кийин келди.
Россия: АКШ менен мамиленин начарлашы өзөктүк келишимдин келечегин тобокелге салат
/ AA
6 Июнь 2025

Россия Вашингтон менен карым - катнаштардын “толук бузулушунан” улам сегиз айдын ичинде акырына чыга турган АКШ менен акыркы өзөктүк келишимди сактап калуу мүмкүнчүлүгүнүн аз экендигин ойлоп жатат. Бул билдирүү Россиянын курал - жарактар боюнча жогорку даражалуу өкүлү тарабынан жума күнү жарыяланган бир интервьюда берилди.

Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков ТАСС маалымат агенттигине берген маегинде, АКШнын президенти Дональд Трамп сунуштаган "Алтын Купол" ракеталык коргонуу долбоорунун "туруксуздук жараткан" фактор экенин жана куралдарды көзөмөлдөө боюнча жаңы тоскоолдуктарды жаратып жаткандыгын айтты.

Рябковдун билдирүүлөрү Москванын эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык согуштук бөлүктөрдүн санын чектеген акыркы өзөктүк курал келишими болгон Жаңы СТАРТ келишиминин келечегине байланыштуу буга чейинки эң пессимисттик баа берүүлөрдүн бири болду.

Россиянын президенти Владимир Путин 2023 - жылы Россиянын Украинага берилген АКШнын колдоосун негиз катары көрсөтүп Жаңы СТАРТ келишимине катышууну токтоткон, бирок согуштук дүрмөттөр, ракеталар менен оор бомбалоочу учактар тууралуу келишимдин чектөөлөрүн сактай тургандарын билдирген.

Бирок бул келишим келерки жылдын 5-февралында аяктаганда узартылбаса же анын ордуна жаңы келишим түзүлбөсө, коопсуздук боюнча эксперттер мунун Украинадагы жаңжалдан улам эл аралык чыңалуу күчөгөн жана Путин менен Трамптын үчүнчү дүйнөлүк согуштун ыктымалдыгына көңүл бурган мезгилде жаңы куралдануу жарышын күчөтүшүнөн кооптонушууда.

Курал-жаракты көзөмөлдөө боюнча Америкалык Окумуштуулар Федерациясынын маалыматы боюнча, эгерде Россия келишимдин чектөөлөрүнөн чыгууга чечим чыгара турган болсо, теориялык жактан дагы жүздөгөн согуштук дүрмөттөрдү кошуп, жайгаштырылган өзөктүк арсеналын 60 пайызга көбөйтө алат.

Россия - АКШ карым - катнаштарын “толугу менен урандыга айланган” деп мүнөздөгөн Рябков орус маалымат агенттиги ТАССка : “Учурдагы шарттарда Жаңы СТАРТ келишимин кайрадан баштоо үчүн негиз жок. Келишимдин мөөнөтү сегиз айдан кийин аяктай турганын эске алганда, мындай сценарийдин реалдуулугу тууралуу сүйлөшүүнүн мааниси барган сайын жоголуп баратат," - деп билдирди.

"Албетте, АКШ ар түрдүү жолдор менен колдонгон жана орноткон “Алтын купол” сыяктуу туруксуздаштыруучу программалар өзөктүк ракеталык куралдарды көзөмөлдөө тармагында мүмкүн болгон демилгелерди конструктивдүү кароого тоскоолдук жараткан кошумча, жеңүүгө кыйын болгон тоскоолдуктарды жаратууда", - деп кошумчалады.

Трамп өткөн айда Кытай жана Россиядан келиши мүмкүн болгон коркунучтарды токтотуу максатында жүздөгөн спутник тармагы менен келген ракеталарды аныктоо, байкоо жана мүмкүн болсо жок кылуу үчүн 175 миллиард долларлык "Алтын купол" долбоорунун дизайнын тандап алганын жарыялаган.

Аналитиктер бул демилге космосту аскердик максатта колдонууну кескин түрдө күчөтүп, башка өлкөлөрдү да ушундай системаларды жайгаштырууга же болбосо ракеталык калкандарды жеңе ала турган дагы да өнүккөн куралдарды иштеп чыгууга түртүшү мүмкүн деп айтышууда.

Россия аскердик зарылчылыкты көргөндө, ага ылайыктуу жооп кайтарарын билдирди.

Иликте
Түрк тышкы иштер министри Жакынкы Чыгыштагы согушту кесиптештери менен талкуулады
Вэнс: Пакистандагы Иран тууралуу сүйлөшүүлөрдө "чоң ийгиликтерге" жетишилди
Украина менен Россия Пасхадан кийин дрон чабуулдарын кайра баштады
Хакан Фидан: "Израилдин Түркияны жаңы душман катары жарыялоо аракетин көрүп жатабыз"
Европа Биримдиги Иран согушунан улам энергетикалык бааларды координациялоого чакырууда
Түштүк Корея менен Польша коргонуу жаатындагы байланыштарын тереңдетүүдө
Иран менен АКШ сүйлөшүүлөр үзгүлтүккө учураганга чейин келишимге жетишүү алдында турган
Орусия менен Украинанын ортосунда Пасхага карата ок атышпоо аяктады
Израилдеги оппозиция Нетаньяхуну Иран согушундагы ийгиликсиздик үчүн сындап жатат
Түрк прокурору Нетаньяхуну жана дагы 34 адамды өмүр бою эркинен ажыратууну суранды
Ирандын мамлекеттик медиасы: АКШнын «акылга сыйбаган» талаптарынан улам сүйлөшүүлөр ишке ашкан жок
Вэнс: «Пакистандагы 21 сааттык узун сүйлөшүүлөр АКШ менен Иранды элдештире алган жок»
Эрдоган менен Макрон Иран, Ливан жана Газадагы ок атышууну токтотуу маселелерин талкуулашты
АКШнын чалгын кызматтары: Кытай Иранга абадан коргонуу системаларын жеткирүүнү пландап жатат
АКШнын вице-президенти Вэнс АКШ-Ирандын маанилүү сүйлөшүүлөрүн баштоо үчүн Пакистанга барды