ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Иран АКШ менен сүйлөшпөй тургандыгын айтып:"Кылмыш өнөктөшү менен сүйлөшпөйбүз",- деди
Иран тынчтыктын Израилдин кол салууларына байланыштуу экендигин айтууда жана күч алган кагылышуу чөйрөсүндө АКШнын сүйлшүү демилгесин четке кагууда.
Иран АКШ менен сүйлөшпөй тургандыгын айтып:"Кылмыш өнөктөшү менен сүйлөшпөйбүз",- деди
/ Reuters

Иран жума күнү премьер - министр жана тышкы иштер министринен келген билдирүүлөр менен Израилдин себепсиз агрессиясын токтотмоюнча ок атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн алдыга жылбай тургандыгын жактады.

Тегерандын душмандыктардын дароо токтотулушу үчүн Вашингтонго жашыруун каналдар аркылуу жакындап жатат деген маалымат каражаттарына карама-каршы Ирандын президенти Месуд Пезешкиан учурдагы согуштун токтотулушунун бир гана жолу Израилдин абадан кол салууларын шартсыз токтотуусу экендигин айтты.

Иран медиасынын билдиргенине караганда Пезешкиан берген билдирүүсүндө : “Ар дайым тынчтык жана турктуулукту жактадык”,- деди.

Пезешкиан: “Учурдагы шарттарда туруктуу тынчтык бир гана сионисттик душмандын чабуулдарын токтоттуусу жана террордук чагымчылыктарын токтотуу боюнча бекем кепилдиктерди бериши менен мүмкүн болот”,- деп кошумчалады.

Пезешкиан эгерде бул талаптар аткарылбаса, Иран тарабынан мындан да катуу жана өкүнүчтүү жооп болорун эскертти.

Израилдик жетекчилер Тель-Авивдин Ирандын ракеталарына тоскоол болууда жакында кыйынчылык тартары тууралуу эскертти. Акыркы бир канча күндүн ичинде Иран дагы күчтүү жана өнүккөн ракеталарды колдонуп, Израилдин тоскоол болуу катнашы төмөндөдү.

Мындан тышкары, Ирандын Тышкы иштер министри Аббас Аракчи жума күнү билдирүү жасап, Тегеран АКШдан бир нече “маанилүү” сүйлөшүү сунушун алганын, бирок Иран Израиль менен бирдките жасалган “кылмышка өртоктош” болгондуктан Вашингтонго “айта турган сөздүн жоктугун” белгиледи.

Аракчи бир телекөрсөтүүгө берген маегинде: «Ракета программабыз боюнча эч ким менен сүйлөшүү жүргүзбөйбүз. Өзүнүн коргонуу мүмкүнчүлүктөрүн талкууга коюу акылга сыйбаган нерсе”,- деди.

Аракчи Израилдин чабуулдары улантылган сайын “эч ким менен сүйлөшүүнүн болбой турганын” баса белгиледи.

Аракчи Европа тараптарлары менен сүйлөшүүлөрдү улантышарын белгилеп, Женевада пландалган бир жыйынга көңүлдөрдү бурду.

Ирандын мамлекеттик маалымат агенттиги ИРНА билдиргендей, Аракчи жума күнү кечинде Женевада Британия, Франция жана Германиянын тышкы иштер министрлери, ошондой эле Европа Биримдиктин тышкы саясат боюнча өкүлү Кажа Каллас менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөрү күтүлүүдө.

Аракчи Женевада Британия, Франция жана Германиянын тышкы иштер министрлери, ошондой эле Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча жетекчиси Кая Каллас менен жолугуша турганын IRNA мамлекеттик агенттиги кабарлады.

Аракчи Ирандын ракеталык программасынын “өзгөчө, коргонуу максатында жана так максаттуу” экендигин кайталады жана Ирандын соккуларынын этикалык жана эл аралык стандарттарга ылайык иштелип чыкканын билдирди.

“Куралдуу күчтөрүбүз бир гана аскердик жана экономикалык борборлорду бутага алат, эч качан турак жайларды, ооруканаларды же жарандык объектилерди бутага албайт,” – деди.

Өткөн жума күнү Израилдин Ирандын бир нече объектилерине, анын ичинде аскердик жана ядролук объектилерине абадан сокку урууларды баштатышы менен чыкты жана Тегеран жооп иретинде соккуларды баштады.

Израилдик жетекчилер Ирандын ракеталык чабуулдарынан бери 25 киши каза болуп, жүздөгөн адамдын жаракат алганын билдирди.

Ошол эле учурда, Иранда Израилдин чабуулдарында 639 киши каза болуп, 1300дөн ашуун адамдын жаракат алганын Ирандын массалык маалымат каражаттары кабарлады.

Иликте
Коммуникация башкармалыгынын башчысы Дуран Азербайжанды куттуктады
АКШ Ормуз кысыгы аркылуу өтүү акысы үчүн санкция салды
Ирандын революция сакчылары Кувейттеги АКШнын аба базасын бутага алганын билдирди
Келерки жумалар Украинанын Европа Биримдигине мүчөлүк процесси үчүн абдан маанилүү
1,7 миллионго жакын мусулман ажылыкка барды
Хамас Кассам бригадасынын командири Авденин Израилдин чабуулунан каза болгонун ырастады
Израиль армиясы Газага кол салууда Хамастын аскердик лидерин өлтүргөнүн билдирди
БУУ Европадагы ысык аба ырайын климаттык кризистин "аёосуз эскертүүсү" деп мүнөздөдү
ДССУ:Испанияда жаңы учур катталып,круиздик кемедеги хантавирус жуктуруп алгандардын саны 13кө жетти
АКШнын аскерлери Ирандын түштүгүндөгү деңиз жана ракеталык буталарга сокку урду
Израилдин президенти Герцог Израиль коомун «желмогуз» деп мүнөздөдү
Орусия чет элдиктерди жана дипломаттарды Киевден чыгып кетүүгө чакырды
Британиянын коргоо министринин учагы Орусиянын чек арасына жакын жерде сигналдын бузулушуна кабылды
Түркиянын Тышкы иштер министрлиги "25-май Африка күнүнө" карата куттуктоо жарыялады
Израиль армиясы Батыш Шериада дүкөндөрдү жаптырды