Бийликтердин айтымында, Грециянын Эубой аралынын жээгинде күчү 5,2 баллга жеткен жер титирөө Афинада катуу сезилди.
Афина Улуттук Обсерваториясынын Геодинамика институту шейшемби күнү эртең менен жер титирөөнүн жергиликтүү убакыт боюнча саат 00:30да (GMT 21:30) деңизде, борбор Афинадан 45 чакырым түндүк-чыгышта болгонун жарыялады.
Институттун маалыматына караганда, жер титирөөнүн очогу Грециянын экинчи чоң аралы Эубойанын түштүк-батышындагы ж Неа Стира курортунан төрт чакырым алыстыкта болгон.
Алгачкы маалыматтар боюнча кыйроолор жана каза болгондор жок.
Жакынкы Марафон шаарынын мэри Стергиос Циркас ERT телеканалына жер титирөөнүн "өтө катуу" сезилгенин айтты.
Сейсмикалык активдүү аймак
Май айында Крит аралына жакын жерде күчү 6,1 баллга жеткен катуу жер титирөө болуп, жер титирөө Афина менен Египетте сезилген.
Январь жана февраль айларында Грециянын Эгей деңизиндеги негизги туристтик борбору болгон Санторини аралында өзгөчө сейсмикалык активдүүлүк байкалган. Миңдеген жер титирөөлөр миңдеген тургундарды аралды таштап кетүүгө аргасыз кылган, бирок алар кийинчерээк кайтып келишкен.
Жер Ортолук деңизинин түштүк-чыгышындагы бир нече жарака линияларында жайгашкан Греция дайыма жер титирөөлөрдөн улам титиреп турат. Өлкөдөгү эң акыркы жер титирөө 2020-жылдын октябрь айында Эгей деңизиндеги Самос аралында болгон. 7 баллдык жер титирөөдө Самосто эки, Измирде 100дөн ашуун адам каза болгон.












